Окумуштуулар XEC деп аталган Covidдин жаңы варианты дүйнө жүзүн каптай баштаганын эскертишүүдө. Ал жакында коронавирустун негизги түрүнө айланып, мурункуларды алмаштырышы мүмкүн.
XEC вирусу алгач Германияда ушул жылдын июнь айында катталып, андан кийин Улуу Британия, АКШ, Дания жана башка бир катар өлкөлөрдө да табылган. Бул тууралуу америкалык Scripps Research институтунун директору, окумуштуу Эрик Топол X (мурдагы Twitter) түйүнүнө жазды.
Окумуштуу кошумчалагандай, XEC дарты жаңы эле жайыла баштады.
Ал Times гезитине берген маегинде вирус бир топ жуманын ичинде, а мүмкүн бир нече айда күчөп кетиши мүмкүн экенин айтты.
«XEC негизги агымга айланып баратканы анык. Вирустардын кийинки варианты ушул болот окшойт. Бирок анын таралышы жогорку деңгээлге жеткенге чейин бир нече ай талап кылынат», – деди Топол.
Окумуштуулар белгилегендей, XEC мурунку жугуштуу ооруларга караганда тезирээк жайылышына жардам бере турган кээ бир мутациялары менен айырмаланат. Бирок алар учурдагы вакциналар адамдын ден соолугу үчүн эң оор кесепеттерди алдын алууга жардам бериши керек деп эсептешет.
Фармацевтика тармагы коронавируска каршы тынымсыз жаңы вакциналарды чыгарып турганы менен аларды кайрадан чыккан жаңы варианттарга ыңгайлаштыра элек. Бирок азыркы вакциналар вирустарга каршы иштебейт дегенди билдирбейт.
Лондон университеттик колледжинин генетика институтунун жетекчиси, профессор Франсуа Балу, азыркы XEC вирусу мурункуларга караганда “жайылышы жагынан бир аз артыкчылыкка ээ” экенин, бирок учурдагы вакциналар дагы деле ага каршы мыкты коргоонууну камсыздай ала турганын Би-Би-Сиге айтып берди.
Ал белгилегендей, XEC – кийинки кышта COVID-19дун негизги варианты болуп калышы мүмкүн.



















