Кытайдын Юньнань провинциясындагы эндемикалык ооруларды көзөмөлдөө институтунун окумуштуулары жарганаттардан адам үчүн кооптуу болгон Нипах жана Хендра вирусуна генетикалык жакын эки жаңы вирусту аныкташты. Бул патогендер адамда мээнин оор сезгенүүсүн жана дем алуу органдарынын ооруларын жаратат.
Изилдөөнүн жыйынтыгы PLOS Pathogens журналына жарыяланды.
Төрт жылга созулган изилдөөнүн алкагында адистер Юньнань провинциясынын беш аймагында жашаган он түрдөгү 142 жарганаттын бөйрөгүн изилдешкен. Жогорку тактыктагы ДНК секвенирлөө ыкмалары менен 22 вирус табылган, алардын ичинен 20сы мурда илимге белгисиз болгон.
Булардын ичинен Henipavirus тукумундагы эки жаңы вирус өзгөчө кооптонууну жаратты — бул тукумга адамдардын арасында өлүм деңгээли жогору болгон Нипах жана Хендра вирустары кирет. Жаңы табылган вирустар мөмө-жемиш жеген жарганаттардан табылып, алар жемиш бактарына жана адамдар жашаган аймактарга жакын жерде жашашат. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, мындай вирустар жарганаттын заарасы аркылуу жугушу мүмкүн, ошондуктан бул мөмө-жемиштер аркылуу адамдарга жугуусу ыктымал.
Мындан сырткары, окумуштуулар жаңы бир клеткалуу Klossiella yunnanensis деген жандыкты жана эки түрдөгү бактерияны да аныкташты. Алардын бири мурда белгисиз болуп, Flavobacterium yunnanensis деген аталышты алды.
Авторлор бул изилдөө Кытайдагы жарганаттардын бөйрөгүнөн алынган жаңы вирустардын толук геномдорун биринчи жолу сүрөттөп бергенин белгилешти. Алар бул илимий иштер “инфектом” — организмде жашаган бардык патогендердин жыйындысы жөнүндө түшүнүктү кеңейтет жана адамдар менен жаныбарлар чогуу жашаган аймактарда кабатырланууларды тыкыр байкоого алуу керек экенин эскертишет.

















