Түркия БРИКСке толук кандуу мүчө болуу үчүн арыз бергенин 4-сентябрда Россия Федерациясынын президентинин жардамчысы Юрий Ушаков билдирди. Ага чейин үстүбүздөгү жылдын башында Египет, Иран, БАЭ, Сауд Арабиясы жана Эфиопия 1-январдан тарта БРИКСке толук кандуу мүчө болушкан.
Бирикменин түзүлүшү жана максаттары
Уюм 2006-жылы Орусиянын демилгеси менен түзүлгөн. Анын негиздөөчүлөрү Бразилия, Орусия, Индия жана Кытай болгон, өлкөлөрдүн ангисче аталышындагы баш тамгаларынан кыскартылып BRIC акроними түзүлгөн. Бул биримдикке алгач төрт гана өлкө кирип, Түштүк Африка кийинчирээк гана кошулуп, уюм BRICS деп аталып калган.

Анын максаты 2009-жылдын июнь айында Екатеринбургда өткөн биринчи саммитте “өлкөлөр ортосундагы ырааттуу, активдүү, прагматикалык жана ачык диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүү” деп аныкталган. Кийинчерээк блоктук эмес мүнөздөгү жана үчүнчү жактарга каршы багытталбаган сыяктуу ишмердүүлүк принциптери макулдашылган.
БРИКСтин курамынын кеңейиши
2022-жылдын май айында биримдикке кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин видеоконференция аркылуу өткөн жыйынында Кытай БРИКСтин таасирин жайылтуу максатында аны кеңейтүү процессин баштоону сунуштаган. 2023-жылдын августуна карата уюмга кирүүгө 20га жакын өлкө арыз берген.
2023-жылдын 22-24-августунда Йоханнесбургда өткөн 15-саммитте уюмга алты өлкөнүн – Аргентина, Египет, Иран, Бириккен Араб Эмирликтери, Сауд Арабия жана Эфиопия кошулганы жарыяланган. Бирок, 2023-жылдын декабрында Аргентина (президент Хавьер Майли бийликке келгенден кийин) уюмга кошулуудан баш тарткан, ал эми калган өлкөлөр 2024-жылдын 1-январында БРИКСтин толук кандуу мүчөсү болушкан. Ошентип бирикме БРИКС+ деген расмий эмес аталышты алган.

Уюмга кирүүнүн тартиби белгиленген эмес. Бирок Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун айтымында, бирикмеге кирүү үчүн талапкерлерди талкуулоодо арыз берген өлкөнүн бедели жана анын эл аралык аренадагы позициясы бааланган. Сергей Лавров БРИКСтин бардык мүчөлөрү катарды пикирдештер менен толуктоону жакташканын, кеп көп полярдуулукка жана демократиялык жана адилеттүү эл аралык мамилелердин зарылдыгына ишенишкен өлкөлөр жөнүндө болуп жатканын белгиледи.
Азыркы тапта 30га жакын өлкө, анын ичинде Алжир, Бангладеш, Бахрейн, Венесуэла, Пакистан, Малайзия, Казакстан жана Азербайжан мүчөлүккө арыз берген. Бул мамлекеттердин бийликтери БРИКСке мүчө болуу дүйнөлүк аренада ар кандай маселелерди натыйжалуураак чечүүгө жана улуттук кызыкчылыктарды коргоого мүмкүндүк берерин белгилешет.
Саммиттер, министрлердин жолугушуулары
БРИКСте катчылык жана устав жок. Төрагалык кылууну саммитти уюштуруучу өлкө аткарат. Лидерлердин жолугушуулары жыл сайын уюштурулат. Эң акыркысы 2023-жылдын 22-24-августунда, Түштүк Африканын төрагалыгы астында өткөн.

Төрагалык кылган өлкө 2013-жылдан бери өзүнө географиялык жана геосаясий жактан жакын мамлекеттерди саммиттерге катышууга чакырып келет. 2024-жылдын январынан бери уюмга Орусия төрагалык кылууда. Саммит 22-24-октябрда Казанда өтөт.
Сүйлөшүүлөр тышкы иштер министрлеринин, каржы, саламаттыкты сактоо, билим берүү, илим жана айыл чарба министрлеринин, коопсуздук кеңештеринин катчыларынын деңгээлинде үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.
2015-жылдан бери БРИКСтин жарандык, парламенттик жана жаштар форумдары ошондой эле медиа саммиттери өткөрүлүп келет. Бүгүнкү күндө БРИКС алкагында 20дан ашык форматтар бар. Алардын темалары энергетикалык натыйжалуулук, климаттын өзгөрүшү, азык-түлүк коопсуздугу, жакырчылыкты жоюу, туруктуу өнүгүү, эл аралык каржы институттарынын ишмердүүлүгү сыяктуу тармактарды камтыйт.
Статистика
2023-жылы БРИКС өлкөлөрүнүн ИДПсынын үлүшү Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча 26%ды (Чоң жетилик өлкөлөрүнүкү (G7) – 43,7%) түзгөн. Сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча ИДП 31,5% (G7 – 30%). БРИКСтин жалпы ИДПсына салымдын 70%ын Кытай, Индия – 13%, Орусия – 8%, Бразилия – 7%, Түштүк Африка – 2%ды камсыздаган.

Бирикме кеңейгенден кийин анын үлүшү сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча дүйнөлүк ИДП 35%га чейин өскөн. Мындай маалыматтар (2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эсептөөлөрдүн негизинде) 2024-жылдын январында Россия Банкынын жетекчиси Эльвира Набиуллина тарабынан берилген.
Мындан тышкары, БРИКСке жаңы мамлекеттердин кошулушу бул уюмдун дүйнөлүк мунай өндүрүүдөгү үлүшүнүн көбөйүшүнө алып келди (Индия Мамлекеттик банкынын эсептөөлөрү боюнча, 18%дан 40%га чейин), бул дүйнөлүк төлөм системасына жана мунайдын дүйнөлүк баасын калыптандырууга олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизет.
БРИКС+ бириктирген мамлекеттер дүйнө калкынын 46%ын түзөт (жалпысынан 8,1 млрд).



















