АКШнын президенти Дональд Трамп БРИКСти Америка Кошмо Штаттарына каршы багытталган бирикме деп атады жана бул өлкөлөр АКШ долларынын дүйнөлүк резервдик валюта статусун жок кылууга аракет кылып жатканын айтты. Бул тууралуу ал Ак үйдө журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
“БРИКС – бул, негизи, Америка Кошмо Штаттарына каршы чыккан өлкөлөрдүн тобу. Индия дагы анын курамына кирет – ишенсеңиз, ушундай”, – деди Трамп, Индиядан товар ташууга карата бажы төлөмдөрүн киргизүүнү пландап жатканын айтканда. “Бул долларга каршы чабуул. Биз эч кимге долларга кол салууга жол бербейбиз”, – деп кошумчалады ал.
Трамп Индияга карата бажы төлөмдөрүн эмнеге киргизгени тууралуу айтканда, муну “бир жагынан БРИКС менен, экинчи жагынан соода маселеси менен” байланыштырды. Анын айтымында, АКШ менен Индиянын ортосунда “соода тартыштыгы өтө чоң”.
АКШ президенти 8-июлда билдиргендей, АКШ БРИКСке мүчө өлкөлөргө карата 10% импорттук бажы төлөмдөрүн киргизет. Ал БРИКС өлкөлөрү “долларга зыян келтирүүнү” жана аны “дүйнөлүк стандарт болуудан токтотууну” көздөп жатканын айткан. Трамп АКШ бул аракеттерге жол бербейт деп ишендирди.
Мурдараак Рио-де-Жанейродо өткөн БРИКС саммитинин жыйынтык коммюникесинде мүчө өлкөлөр бир тараптуу соода жана финансылык чараларга, анын ичинде бажы төлөмдөрүнүн жогорулашына жана тарифтик эмес чектөөлөргө каршы экенин билдиришкен. Бул чаралар соода тең салмаксыздыгына алып келип, Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) эрежелерине каршы келет, деп айтылган документте.
15-июлда Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдиргендей, БРИКС өлкөлөрү доллардан көз каранды болбоо үчүн альтернативдүү эсептешүү механизмдерин издеп жатышат жана бул жараян эми токтотулбайт. Анын айтымында, Россия өз кызыкчылыктарын коргоону улантат жана адилеттүү, ачык, эгемендүү мамлекет катары иш алып барат.
Кошумча маалымат:
2025-жылдын май айына карата БРИКС (англисче BRICS — Brazil, Russia, India, China, South Africa деген сөздөрдүн кыскартмасы) курамына төмөнкү 10 мамлекет кирет:
-
Бразилия;
-
Россия;
-
Индия;
-
Кытай;
-
Түштүк Африка Республикасы (ТАР);
-
Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ);
-
Иран;
-
Эфиопия;
-
Египет;
-
Индонезия.
Ал эми 2025-жылдын 1-январынан тарта мамлекет-өнөктөш макамы киргизилген. Бул макам өлкөлөргө БРИКСтин иш-чараларына катышууга, тажрыйба алмашууга жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Мамлекет-өнөктөштөрдүн тизмесине төмөнкү өлкөлөр кирет:
-
Беларус,
-
Боливия,
-
Куба,
-
Казакстан,
-
Малайзия,
-
Таиланд,
-
Уганда,
-
Өзбекстан,
-
Нигерия.



















