29-августка караган түнү Жерде магниттик бороон башталды, анын интенсивдүүлүгү орточо экенин орусиялык Phobos аба ырайы борборунун жетектөөчү адиси Михаил Леус өзүнүн Telegram-каналында жазды.
«Биздин жер планетабызда экинчи күн катары менен магниттик бороон жүрүп жатат. Бүгүн, 29-августта, Москва убактысы боюнча түнкү саат үчтөн кийин геомагниттик талаанын бузулушунун деңгээлин чагылдырган Kp индексинин белгиси 5 бирдиктен ашты, бул магниттик бороондун башталышынан кабар берет», – деп жазды ал.
Анын интенсивдүүлүгү алсыз жана орто болуп, G1-G2 класстарынын ортосунда өзгөрүп турган.
“Магниттик бороондун күчөшү жана жакынкы сааттарда токтошу мүмкүн”,-деген М.Леус.
Эксперттер магниттик бороон адамдарга кандай таасир тийгизерин түшүндүрүшүп, метеоритке сезимтал адамдар, өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркагандар өзүн жаман сезиши ыктымал экенин айтышкан.



















