19-августта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) штаб-квартирасында Ирандын Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) байкоочу статусун алуу өтүнүчүн каралды. Консультацияга катышкандар Тегерандын бул ниетин кубатташты.
Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын телеграм-каналында айтылат.
“Иран Ислам Республикасынын Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу-мамлекет статусун алуу өтүнүчү Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында каралды”, – деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, бул маселе боюнча консультациялар видеоконференция форматында ЕЭКтин Интеграция жана макроэкономика боюнча министр Сергей Глазьевдин төрагалыгы астында өттү.
Консультациялар ЕАЭБге мүчө мамлекеттер тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде өтүп, ирандык делегацияны Тышкы иштер министрлигинин көп тараптуу экономикалык кызматташтык департаментинин башкы директору Сейед Жалалуддин Алави Сабзевари жетектеди.
“Катышуучулар ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнү белгилешип, өлкөнүн ЕАЭБге байкоочу-мамлекет статусун алуу процедурасын баштоо ниетин кубатташты”, – деп белгиленет билдирүүдө.
ЕЭКтин басма сөз кызматы чет өлкөлүк өнөктөшкө мындай статусту берүү чечими биримдикке мүчө-мамлекеттердин башчылары тарабынан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында кабыл алынарын белгилейт.
ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн мамлекет же өкмөт башчылары кирген Кеңеш жылына бир жолудан кем эмес чогулат, чечимдер консенсус аркылуу кабыл алынат. Акыркы жолугушуу 2024-жылдын 8-майында болгон.
Иран ЕАЭБде байкоочу мамлекет статусун алууга кызыгуусун билдиргенин үстүбүздөгү жылдын июнь айында Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын башчысы Бакытжан Сагинтаев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирген.
Россиянын вице-премьер-министри Алексей Оверчук бул макамды алуу үчүн белгилүү бир процедуралар бар экенин, бирок алар ишке ашса, Иран болжол менен ушул жылдын декабрынын аягында байкоочу боло аларын билдирген.
Учурда ЕАЭБге Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия кирет. Өзбекстан, Куба жана Молдова уюмда байкоочу статусуна ээ.
Эске салсак, 2023-жылдын декабрында Санкт-Петербургда Жогорку евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынынын алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер Иран менен эркин соода жүгүртүү жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. Документ 2019-жылдан берки убактылуу келишимдин ордун басат. Учурда ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүргүзүү боюнча келишим ратификациялоо процедурасынан өтүп жатат.
Убактылуу соода келишиминин иштөөсүнүн акыркы беш жылында ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода жүгүртүү эки эседен ашык өскөн. 2019-жылы 2,4 миллиард доллар болсо, 2023-жылы 5,2 миллиард долларга жеткен. Сооданы өнүктүрүүнүн оң динамикасы 2024-жылы да уланат.















