Улуу чыгыш классигинин эстилигинин Казакстанда ачылыш салтанатына Казакстан жана Өзбекстандын президенттери Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёевдер катышышты. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары билдирди.
Мирзиёев Токаевдин Алишер Навоинин эстелигин тургузуу демилгесине ыраазычылык билдирип, «Казакстандын борборунун так ортосуна залкар эстеликтин тургузулушу казак элинин боордош Өзбекстанга болгон терең урмат-сыйынын айкын далили» экенин белгиледи.
«Улуу философ жана гуманист Алишер Навоинин чыгармачылык мурасы бир гана өзбек элине эмес, бүткүл дүйнөгө таандык кайталангыс байлык», – деди Мирзиёев.

Анын айтымында, Алишер Навоинин эстелиги «эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы достук жана бир туугандык байланыштардын чыңдалышынын дагы бир жаркын символу болуп калат жана анын мурасы дагы көптөгөн муундарды улуу жетишкендиктерге шыктандырат».
2020-жылы маркум казак акыны Несипбек Айтулы Алишер Навоинин эң маанилүү чыгармасы – “Хамсу” (“Беш”) аттуу чыгармасын которуп, казак тилине басып чыгарган жана бул китепке кириш сөздү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жеке өзү жазган.



















