Бүгүн Казакстандын Мажилиси Казакстан менен Өзбекстандын өкмөттөрүнүн ортосундагы “Борбор Азия” эл аралык өнөр жай кызматташтыгы борборунун ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялады.
Мажилистин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, документке 2023-жылдын 9-ноябрында Ташкент шаарында кол коюлган.
Борбор өнөр жай кооперациясынын, экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын комплекси катары иштейт. Анын милдеттерине мамлекеттер аралык кооперативдик мамилелерди өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, тараптардын чакан жана орто өнөр жай ишканаларын нарктын эл аралык чынжырына интеграциялоо, борбордун аймагында түзүлгөн өнөр жай ишканаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана башкалар кирет.
Эл аралык өнөр жай кызматташтыгы борбору казак жана өзбек бөлүктөрүнөн туруп, ар бири 500 чарчы метрди ээлеп, өз мамлекетинин карамагында болот.
Казак бөлүгүн башкаруу Казакстандын Соода жана интеграция министрлигине, ал эми өзбек бөлүгү Өзбекстандын Инвестиция, өнөр жай жана соода министрлигине жүктөлгөн.
Объекттин жайгашкан жери «Атамекен» (Казакстан) жана «Гулистан» (Өзбекстан) өткөрүү пункттарына жакын мамлекеттердин чек ара аймактары экендиги аныкталган.
Алар борбордун бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө өтүүчү адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды чек ара, бажы жана башка көзөмөлдөө түрлөрүн жүзөгө ашыруу үчүн колдонулат.
Борбордун аймагында чарбалык субъекттер өндүрүштүк кооперацияны өнүктүрүүгө багытталган иш-чараларды жүргүзө алышат.
Макулдашууну ратификациялоо өлкөлөр ортосундагы өндүрүштү жана ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле инвестиция тартууга жана соода-экономикалык мамилелерди жакшыртууга көмөктөшөт.


















