Афганистандын Мазари-Шариф шаарында Алишер Навоинин эстелиги толук түрдө алынды. 2023-жылдын февраль айында улуу акындын барельефи бузулган болсо, эми ага тиешелүү калган конструкция да, маалымат жазылган бөлүгү менен кошо алынып салынды.
Өзбекстан ТИМинин басма сөз катчысы Ахрор Бурхановдун айтымында, ТИМ бул жагдай боюнча Кабулдан түшүндүрмө сураган. Афган тарап эстелик жергиликтүү бийлик тарабынан алынып салынганын, себеби «ал улуу акындын элесине татыктуу эмес» деп эсептелгенин жана «акын менен ойчулдун урматына дагы кооз комплексти куруу зарыл» экенин билдирген.
Муну менен бирге, эстеликти алуу чечими Афганистандын Маданият жана маалымат министрлиги менен жана коомчулук менен макулдашылбаганы белгиленди. Кабулда бул окуя боюнча өкүнүч билдирилди.

«Афган өкмөтүнүн өкүлдөрү Алишер Навоинин эскерүүсүн татыктуу түбөлүккө калтыруунун зарылдыгын ырастап, ал өзбек эли үчүн гана эмес, афган эли үчүн да улуу инсандардын бири экенин белгилешти жана улуу акын менен ойчулдун урматына өзүнчө эстелик орнотууну убада кылышты. Айрыкча, аймакты көрктөндүрүү, акындын жашоосу жана чыгармачылык мурасы тууралуу маалымат камтыган жазууларды калыбына келтирүү, ошондой эле кабыл алынган чечимдерге ылайык жаңы эстелик тургузуу жана ал жайгашкан жерге Алишер Навоинин ысымын ыйгаруу пландары жарыяланды. Афган тарап бул улуу ойчулдун эстелигин сактоого бекем берилгендигин билдирип, анын ысымын татыктуу даңктоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлөрүн баса белгиледи», – деп айтылат Өзбекстан ТИМинин билдирүүсүндө.
Сүрөт Социалдык тармактардан алынды.



















