Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн «Казинформ» агенттиги Акордага шилтеме берип билдирди.
Мамлекет башчылары казак-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүнүн жогорку динамикасын белгилешип, Казакстандын президентинин ушул күздө Түркмөнстанга боло турган сапарына даярдыктарды талкуулашты.
Транспорт-логистика, энергетика, маданий-гуманитардык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.
Эске сала кетсек, Казакстан менен Түркмөнстандын энергетикалык интеграциялык мамилелери динамикалуу өнүгүп жатат. Бул тууралуу Казакстандын вице-премьер-министри – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу түркмөн кесиптеши Рашид Мередов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.




















