14-июлда жааган жаандан улам, Ош шаарында, Кара-Суу, Алай жана Ноокат райондорунда адаттан тыш сел кетип, турмуш тиричиликке зыянын тийгизбестен, бир канча адам өмүрүн да алып кетти. Айрыкча Ак-Буура дарыясындагы суунун көлөмү көбөйүп, жээкке жакын жайгашкан борбордук базарды каптады. Сел ондогон жеңил автоунаалардан тартып, жүк ташуучу ФУРА автоунааларына чейин агызган факт катталды. Тилсиз жоонун кесепетинен жаралган зыядарды калыбына келтирүү үчүн Ош шаарында жана Кара-Суу районунда өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
Кыздын сөөгү Өзбекстандан табылды…
ӨКМ билдиргендей, селдин кесепетинен, Ош шаарында 5 адамды суу агызып кеткен. Тактап айтканда, шаардын жогору жагында жайгашкан Төлөйкөн айылындагы эс алуу жайлардын биринде жүргөн 44 жаштагы аялды 6, 10 жана 19 жаштагы кыздары менен кошо сел агызып кеткен. Ал эми шаардын жогору жагындагы Озгур айылындагы Бөрүбай-Ата эс алуу жайынан 500дөн ашык адам коопсуз жайга чыгарылды.

Издөө иштерине 350 адам тартылып, анын алкагында 14-июлдун түнү сел агызып кетти делген кыздардын биринин сөөгү (6 жаштагы кыз) Өзбекстандын Анжиян шаарынын Шахрихонсой каналынан табылганы кабарланды. Сөөк Кыргызстанга “Достук” чек ара бекетинен өткөрүп алынары маалымдалды.
Ал арада бүгүн, 15-июлда, Ош шаарынын Катта-Терек участкасында Ак-Буура дарыясынан (Өзбекстандын чек арасына 500 метрдей жетпеген жеринде) аял кишинин сөөгү табылды. ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, аны куткаруучу Алтынбек Исабеков 11:30да тапкан. Учурда дарыядан табылган жарандын өздүгүн тактоо, калган эки жаранды издөө иштери уланууда.
Ал эми Ош шаардык мэриясы билдиргендей, кырсык болгон күнү Озгур айылында селден жарандарды өткөрүп жаткан КАМАЗ жылып кетип, бир жаранды тебелеп кетип каза тапкан окуя да катталды.
Борбордук базардагы апаат…
Селдин айынан Ак-Бура дарыясындагы суу көтөрүлүп, дамбадан ашып түшкөн. Анын кесепетинен Ош шаарынын борбордук базарында катуу сел жүрдү. Көптөрдүн сатыктагы товарлары агып, бир топ зыян келтирди. Айрым кадрларда көрүнгөндөй, мындагы апааттан адамдардын, автоунаалардын агып бараткан видеосу тарады.
Селдин кесепеттерин жоюу боюнча бардык кызматтар ишке түштү.
Мэриянын маалымат кызматы 15-июлда кабарлагандай, бул базарда соода багытында жалпы 842 контейнер болсо, анын 785ин суу каптаган. Ошентип борбордук базар санитардык тазалоо иштерине байланыштуу бул күнү жабылды.
Шаар башчы Бакытбек Жетигенов сел каптаган борбордук базарда көчмө жыйын өткөргөнүн маалымдады.
Ал ошондой эле тиешелүү муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кечээ да, бүгүн да борбордук базарды толук кыдырып чыкты. Базардын аймагын иретке келтирүү боюнча тиешелүү мекемелерге тапшырмаларды берди. Мэр сел жүргөн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө да барды.
Автоунаалар агып…
Төлөйкөн айыл аймагында жайгашкан Араван – Ак-Буура каналына жети автоунааны сел агызып кеткени айтылды. Андан сырткары, Ош шаарынын жана Кара-Суу районунун сел кеткен жерлерде да автоунааларды агызып кеткен фактлар катталды. Интернеттеги тараган видеолордо ФУРА оор жүк ташуучу автоунаанын агып бараткан видеосу да тарады. ӨКМ билдиргендей, болжол менен 15 машине селден жабыркаган.
Министрлик билдиргендей, селдин айынан Ош-Гүлчө-Эркечтам жолунун 51-чакырымынан 9-чакырымына чейинки бөлүгү убактылуу жабылды. Аймакта турак жайлардын короо-сарайларын жана жертөлөлөрүн сел каптаган.
ӨКМдин 15-июлда, түшкө чейинки маалыматы боюнча, селден улам Ош облусунун Кара-Суу району боюнча жалпы 3 айыл аймакта, Мады, Датка, Баш-Булакта 642 үйдү суу каптады. 9 социалдык объект (4 мектеп, 1 бала бакча, 2 оорукана, 1 музей, 1 ФАП) зыян тарткан. Ал эми Ош шаары боюнча, болжол менен 146 турак үй, 5 эс алуучу жай, 8 өтмөк көпүрө жабыркады. Расмий бийликтер бул маалыматтар дагы такталып жатканын кабарлашты.

Ошентип селден улам болжол менен 800дөй турак жай жана социалдык мекемелер сел сууларынын кесепетинен жабыркаганы айтылды. Бирок азырынча бул кырсыктан улам келтирилген чыгым расмий маалымдала элек.
Жолдор жарым-жартылай ачылды…
Транспорт жана байланыш министрлигинин 15-июлдагы маалыматына караганда, жамгырдын кесепетинен, Ош облусунун – Кара-Суу, Алай, Араван, Өзгөн, Ноокат райондору, Баткен облусунун – Лейлек, Кадамжай райондорунун жолдору калыбына келтирүү, тазалоо иштери уланууда.
Учурда Жалал-Абад-Казарман (63-98-чакырымдар аралыгы), Ноокат-Араван (9-чакырымы), Мырзаке-Кара-Шоро (49-51-чакырымдар аралыгы) унаа жолдору убактылуу жабык. Жеринде аймакты тейлеген жолчулар жана атайын техникалар иштеп жатат.
Ал эми буга чейин кооптуу делген Ак-Терек-Папан-Кожокелең, Ош-Төлөйкөн, Топ-Жаңгак-Кара-Суу, Тамаша-Кызыл-Булак, Бишкек-Ош, Ош-Баткен-Раззаков, Ош-Сары-Таш-Эркечтам жана башка сел жүргөн автоунаа жолдору тазаланып, каттам берилди. Азыркы тапта бир тараптуу болгон жолдорду кеңейтүү, суу жеп кеткен тилкелерди калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Кооптонуу дагы эле бар…
Кыргызгидромет маалымдагандай, өлкөдө туруксуз аба ырайы 17-июлга чейин созулат. Тактап айтканда, 16-июлда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Мындай эскертүүлөрдү аталган кызмат буга чейин деле эскертип келген. Өлкөдө быйылкы жаз-жай айлары жаанчыл болуп, дээрлик бардык аймакта сел жүрүп жатат.
ӨКМдин маалыматына ылайык, быйыл жалпысынан 230дан ашык сел кырсыгы катталып, андан 17 адамдын өмүрү кыйылды жана алардын онго жакыны балдар экени аныкталды. Буга чейинки болгон селдин чыгымы алдын ала 170 миллион сомдон ашты деп эсептелген.
Даярдаган: А.Белеков





















