Республика ШКУнун онунчу мүчөсү болуп калды.
ШКУнун Астанадагы саммити Беларусту уюмга кабыл алуу боюнча документтерге кол коюу менен башталды.
«Урматтуу мамлекет башчылары, Беларусь Республикасынын ШКУга толук кандуу мүчөлүгү жөнүндө чечим кабыл алынды», – деп билдирди Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев.
Андан соң ал Беларус президенти Александр Лукашенкону куттуктады.
«Сиздин өлкө кыска убакыттын ичинде Шанхай кызматташтык уюмуна толук кандуу мүчө болуу жолунда бардык зарыл процедураларды аяктады», – деп кошумчалады Токаев.
Ал республика ШКУ мейкиндигинде коопсуздукту чыңдоого өзүнүн олуттуу салымын кошот деген ишенимин билдирди.
Астанадагы саммит
ШКУнун саммити 3-4-июлда “Көп тараптуу диалогду бекемдөө – туруктуу тынчтыкка жана өнүгүүгө умтулуу” урааны астында өтүүдө.

Ага Россия, Казакстан, Индия, Иран, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстан, Беларусь, Монголия, Азербайжан, Катар, Бириккен Араб Эмираттары, Түркия жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү жана ШКУнун башкы катчысы катышууда.
Саммиттин катышуучулары биргелешкен 24 документтин пакетине кол коюуну, ошондой эле биримдиктин катышуучуларынын жакшы коңшулаштык жана биримдик принциптерине берилгендигин тастыктаган жыйынтык декларацияны жана билдирүүнү кабыл алууну пландаштырууда.
Түштөн кийин байкоочу мамлекеттердин жана диалог боюнча өнөктөштөрдүн катышуусунда “ШКУ плюс” форматындагы жыйын башталат. Ага катышуу үчүн Астанага Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган да келген.
ШКУ 2001-жылы негизделген эл аралык уюм. Азыр анын курамына он мамлекет: Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан, Пакистан, Өзбекстан жана Беларус кирет. Байкоочу өлкөлөр – Афганистан жана Монголия, өнөктөш өлкөлөр – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, БАЭ, Түркия жана Шри-Ланка.
ШКУнун кийинки мүчөлөрү ким болот
ШКУнун баш катчысы Чжан Мин айткандай, Беларустан кийин уюмга ким мүчө болот деген маселе күн тартибинде жок.
ШКУга диалог боюнча өнөктөш статусун алуу жана байкоочу статусун жогорулатуу боюнча бир катар өлкөлөрдөн арыздар түшкөн.
«Бул маселелердин баары уюмдун ишмердүүлүгүн жакшыртуу контекстинде талкууланып жатат», – деп билдирди Мин “Казинформ” агенттигине.
Ал ШКУну кеңейтүү уюмдун максаты эмес экенин тактады.

















