Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурелсух жубайы Болорцэцэг Лувсандорж менен бирге президент Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу өзбек өкмөт башчынын маалымат кызматы билдирди.
Монгол мамлекет башчысын Ташкент аэропортунан премьер-министр Абдулла Арипов тосуп алды.

Буга чейин Монголиянын президентинин иш сапары 23-июндан 26-июнга чейин уланары айтылган. Сапардын алкагында ал Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Хивага барууну пландоодо.

Саммиттин жыйынтыгында өкмөттөр аралык жана ведомстволор аралык документтердин пакетине кол коюу пландалууда. Мындан тышкары эки өлкөнүн лидерлеринин алдыңкы компаниялардын жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу болот.



















