Нооруз майрамы Монголиянын атынан ЮНЕСКОнун “Адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын репрезентативдик тизмесине” кошулду.
Бул тууралуу уюмдун X социалдык тармактагы (мурдагы Твиттер) расмий баракчасына жарыяланды.
Нооруз – Иран жана түрк элдеринин улуттук майрамы, адамзат тарыхындагы эң байыркы майрамдардын бири.
“Нооруз” сөзү перс тилинен которгондо «нав» – жаңы жана «руз» – күн деген эки түшүнүктөн туруп, «жаңы күн» дегенди билдирип, күн календары боюнча жаңы жылдын башталышын билдирет.
Ал күн менен түн теңелген маалда, иран календары боюнча фарвардин айынын биринчи күнү (21-мартта) белгиленет.
Нооруз түрдүү элдерде ар кандай – Новруз, Навруз, Нуруз, Невруз, Наурыз, Нооруз ж.б. деп аталат.
2010-жылдын февраль айынын аягында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 64-сессиясында 21-март «Эл аралык Нооруз күнү» деп жарыяланса, 2016-жылы бул майрам ЮНЕСКОнун Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана каттоо тизмесине киргизилген. Сунушту Кыргызстан, Өзбекстан, Азербайжан, Казакстан, Иран, Индия, Ооганстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Туркия, Ирак жана Пакистан киргизген.



















