Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери биринчи чет элдик сапарын Ливандан баштады.
Дипломат Бейрутта маалымат жыйында сүйлөгөн сөзүндө Ливандагы стабилдүүлүктү жана коопсуздукту камсыз кылуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу ырастап, Иран Ливан элинин гүлдөп-өнүгүшүнө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Бул сапардын алкагында Багери Ливандын “Хезболла” кыймылынын баш катчысы Хасан Насралла менен жолугуп, аймактагы окуялар туурасында сүйлөштү.

“Al-Manar” агенттигинин маалыматына ылайык, Хасан Насралла маектешине Иран президенти Ибрахим Раиси, тышкы иштер министри Хоссейн Амирабдоллахиан жана делегация мүчөлөрүнүн авиакырсыкта каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.
Бул жолугушууда аймактагы акыркы саясий жана коопсуздук окуялар, өзгөчө Газа тилкесиндеги жана Ливандын түштүгүндөгү фронттордогу кырдаал, окуялардын өнүгүшү жана сунуш кылынган чечимдер талкууланды.
“Хезболланын” баш катчысы Иран Ислам Республикасынын жетекчилигине, өкмөтүнө жана элине аймактын элине жана каршылык көрсөтүү кыймылдарына көрсөткөн үзгүлтүксүз колдоосун, ошондой эле бардык тоскоолдуктарга жана коркутууларга карабастан бекем жана туруктуу позициясын жогору баалап, ыраазычылык билдирди.
Сапардын жүрүшүндө, ирандык дипломат ошондой эле Ливандын премьер-министри Наджиб Микати, тышкы иштер министри Абдалла Бу Хабиб жана парламенттин спикери Набих Берри баш болгон жогорку даражалуу расмий адамдары менен жолугушту.

Эки өлкөнүн ТИМ башчылары Бейруттагы маалымат жыйында Израилдин Газа тилкесиндеги согуш кылмыштарын улантуусу аймакта тынчтык жолу менен жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн азайтып, палестиналыктардын азап-кайгысын күчөтүп жатканын билдиришти.
“Агрессияны токтотуу жана Палестина элин коргоо үчүн шашылыш биргелешкен аракеттер көрүлүшү керек”,- деди Багери.
Ал учурдагы кырдаалда Иран менен Ливан Газа тилкесиндеги кырдаалды талкуулоо үчүн Ислам Кызматташтык Уюмуна (ИКУ) мүчө өлкөлөрдүн чукул жыйынын өткөрүү демилгесин колдойт деп белгиледи.
Ирандык дипломат аймактык сапарынын алкагында Ливиядан кийин Сирияга жөнөп кетти. Дамаскта аны араб республикасынын президенти Башар Асад кабыл алып, сириялык кесиптеши Фейсал Микдад менен жолугат.
Эске салсак, Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян бараткан тик учак 19-майда кырсыктаган. Тик учакта алардан тышкары Чыгыш Азербайжан провинциясынын губернатору Малик Рахмати, аятолла Мохаммед Али Аль-Хашем, президенттик күзөт кызматынын өкүлдөрү жана экипаж мүчөлөрү жалпысынан сегиз киши болгон. Андан аман калгандар жок экени 20-майда расмий тастыкталган.
Раисинин милдетин убактылуу аткаруу Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Мохберге, Тышкы иштер министринин милдетин аткаруу Али Багериге жүктөлгөн.















