Ирандын Шираз шаарында жаңы ядролук реактор курулат. Бул тууралуу Ирандын Атомдук энергия боюнча уюмунун жетекчиси Мохаммад Эслами билдирди.
Анын айтымында, бул иш-аракеттер ядролук илим жана технологияны өнүктүрүү жана изилдөө, илимий жана билим берүү иштерин жүргүзүү максатында жасалууда.
Эслами бул максаттарга жетүү үчүн эң керектүү жерлердин бири Шираз экенин белгилеп, учурда жерди даярдоо, ишти баштоо үчүн долбоорлоо иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Ал ошондой эле жакында Ирандын Исфахан шаарында эл аралык ядролук конференция болуп өткөнүн эске салды.
Анын айтымында, ядролук илимдер жана технологиялар боюнча биринчи эл аралык конференция 22 өлкөнүн катышуусунда өтүп, макалалардын жана баяндамалардын деңгээли жогорку деңгээлде болуп, саммитке 100гө жакын чет элдик жана 100гө жакын ата мекендик спикерлер катышты.
Белгилей кетсек, Исфахандагы эл аралык ядролук конференция 6-майдан 8-майда болуп өттү. Ага Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси да катышты.
Анын жүрүшүндө жакынкы эки айда Исфаханда Ирандын биринчи ядролук окутуу-изилдөө борбору ачылары маалымдалган.
Эслами Иран илимий жетишкендиктерди алмашуунун жаңы системасын калыптандыруу үчүн тынчтык максаттагы ядролук технологияларды башка өлкөлөргө берүүгө даяр экенин билдирген.
Ал Иран МАГАТЭнин башка мүчөлөрү сыяктуу эле өзөктүк технологияны өнүктүрүүгө чечкиндүү экенин белгилеп, бул конференция эки жылда бир өткөрүлөрүн кошумчалаган.
Эске салсак, май айынын башында Эслами Ирандын түштүк-батышындагы “Карун” атомдук электр станциясынын биринчи энергоблогунун курулушунун негизги этабы, анын ичинде пайдубалына бетон куюу 2024-жылдын күзүндө башталарын билдирген.
“Карун станциясынын “ядролук аралынын” (энергетикалык блоктун ядролук реакторунун иштешин камсыз кылуучу имараттардын жана курулуштардын комплекси) биринчи бетону быйыл куздо куюлат”, деп билдирген ал.

















