АФК Кубогунун интерзоналдык финалынын алкагында кыргызстандык «Абдыш-Ата» клубу австралиялык «Централ Кост Меринерс» клубунан 3:0 (4-1) эсебинде жеңилип калды. Жооптук беттеш Австралиянын Госфорд шаарындагы «Индастри Групп» стадионунда өттү.
Биринчи оюн 17-апрелде, Бишкек шаарында болуп, жыйынтыгында 1-1 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган. Бирок турнирдин дебютанты болгон ата-мекендик “Абдыш-Ата” клубу үчүн 2023-2024 АФК Кубогу аяктады.
Ошентип «Централ Кост Меринерс» командасы 5-майда өтө турган турнирдин гранд финалына жолдомо алды. Анда Омандын «Аль-Ахед» клубу менен беттешет.
АФКнын регламентине ылайык, АФК Кубогунун финалына чыгып, биринчи орунду алган клуб 1,5 млн, экинчи орунду алган клуб 750 миң долларга ээ болот.
Белгилей кетсек, ушул эле күнү Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунун жарым финалдык оюндарынын алкагында Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы Иранга 1:6 эсебинде утулуп калды.

















