Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы башкы машыктыруучу Фабио Каннаваронун жетекчилиги алдында сентябрь айындагы ФИФАнын күндөрүнүн алкагында Ирандын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.
Өзбекстандын футбол ассоциациясынын маалыматына караганда, оюн 24-сентябрда Фергана шаарындагы «Истиклол» стадионунда өтөт.
Италиялык адис Фабио Каннаваро жетектеген команда Сауд Арабиясында өтө турган 2027-жылкы Азия кубогуна даярдыгын улантат. Өзбекстандыктар 6-октябрда дагы бир жолдоштук беттеште Түштүк Кореянын курама командасы менен ойношот.
Өзбекстан менен Ирандын курама командалары акыркы жолу 2025-жылдын ноябрь айында Бириккен Араб Эмираттарында өткөн турнирде беттешкен. Оюндун негизги убактысы 0:0 эсеби менен аяктап, пенальтилер сериясында Өзбекстандын курама командасы 4:3 эсебинде жеңишке жеткен.
2026-жылы АКШ, Канада жана Мексикада өткөн дүйнө чемпионатында Иран G тайпасында ойноп, үч беттештен кийин үч упай топтогон. Ирандыктар Жаңы Зеландия менен 2:2, Бельгия менен 0:0 жана Египет менен 1:1 эсебинде тең чыгышкан. Натыйжада тайпада үчүнчү орунду ээлеп, плей-офф баскычына чыга алышкан эмес.
Өзбекстан болсо K тайпасында акыркы, төртүнчү орунду ээлеген. Команда катары менен үч жеңилүү ызасын тарткан — Колумбиядан 1:3, Португалиядан 0:5 жана Конго Демократиялык Республикасынан 1:3 эсебинде утулган.
ФИФАнын учурдагы рейтингинде Өзбекстан 60-орунда, ал эми Иран 22-орунда турат.

















