Таиланддын Бангкок шаарында өтүп жаткан 2024-жылкы футзал боюнча Азия Кубогунун жарым финалдык оюндарынын алкагында Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы Иранга утулуп калды.
Оюн бүгүн, 24-апрелде «Бангкок Арена» стадионунда болуп өттү.
Беттеш 1:6 эсеп менен Иран курамасынын пайдасына аяктады.
Кыргызстандын курамасынан жалгыз голду Донер Аманбаев (9′) киргизди.
Бирок ушуну менен Кыргызстандын футзал боюнча Улуттук курамасы үчүн бул азиялык биринчилик аяктай элек. Эгерде бүгүнкү Өзбекстан-Вьетнам беттешинде, Өзбекстан курамасы утушка ээ болсо, анда кыргызстандык футзалчылар Дүйнө Чемпионатына болгон акыркы жолдомого ат салыша алат.















