Кыргызстанга жаңы Airbus A320 үлгүсүндөгү учак келип конду. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Кыргызстан өнүгүү жолуна түшкөнүн, атайын жана аскердик техникалар, алдыңкы медициналык жабдуулар жана коомдук транспорт республикалык бюджеттин эсебинен сатып алынып жатканын белгиледи.
“Элибиздин кыргыз жеринде бейпил жашаса деген кыялдары ишке ашышын каалайбыз. Кечээ эле өлкөнүн бюджетинин эсебинен тигил же бул техниканы сатып алууну ойлоно да албасак, бүгүн самолетторду вертолетторду сатып алып жатабыз. “Кыргыз элин кыргыз жеринде кор кылбайлы” деп президент айткандай, бул биздин негизги милдеттерибиздин бири”, – деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, 2002-жылы чыгарылган Airbus A320 учагы бюджеттик каражаттардын эсебинен сатып алынып, Кыргызстандын президентинин Иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп берилди.
Ал эми президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул жаңылыкты өзүнүн Фейсбуктагы барагына мындай деп бөлүштү:
“Бүгүн кубанычтуу жаңылык менен бөлүшүп жатам, сатып алган жаңы самолет “Манас” аэропортуна конду. Бул “Airbus 320” үлгүсүндөгү учак Кыргызстандын делегациясын ташыйт.
Мамлекетибиз буга чейин кыргыз армиясына, өзгөчө кырдаалдар тармагына, жол куруу, кен казуу, жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жана ар кандай багыттагы атайын техникаларды сатып алган.
Учурда аймактарда аэропорттор курулуп жатат, алды кызмат көрсөтүүгө даяр. Өткөн жылы эки 80 орундуу жана 9 орундуу самолет сатып алынды. Алар өлкө аймагында жүргүнчүлөрдү арзан каттам менен камсыздайт. Ушул жылы дагы бир учак алынат. Алынып жаткан учактар, бүгүн келген борт #1 тууралуу УТРК жана ЭлТР телеканалдарынан көрө аласыздар”.



















