Новгород областынын бийлиги иштөөгө патенти бар чет өлкөлүктөргө такси жана автобустун айдоочусу болуп иштөөгө, ошондой эле алкогольдук продукция менен соода-сатык кылууга тыюу салды.
Тиешелүү буйрукка областын губернатору Андрей Никитин кол койду. Документке ылайык, иштөөгө уруксаты бар чет элдик жарандарга алькоголдук жана тамеки продукцияларын сатууга, ошондой эле автобус жана таксинин айдоочусу болуп иштөөгө тыюу салынат. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Иш берүүчүлөр тыюу салууга туш келген категориядагы өз кызматкерлерин 26-июнга чейин жумуштан бошотууга туура келет. Ошол эле учурда региондо жашоого (вид на жительство) жана убактылуу жашоого уруксаты бар чет элдик жарандарга бул буйрук тиешелүү эмес. Мындан тышкары Евразия экономикалык союзуна (Казакстан, Армения, Белоруссия, Кыргызстан) мүчө-мамлекеттердин жараны болуп саналган Россияда уруксат документи жок иштөөгө укугу бар чет элдик жарандарга мындай чектөөнүн тиешеси жок.
Бул тыюу салууга КМШ өлкөлөрүнөн Өзбекстандын, Тажикстандын, Молдованын, Азербайжандын жарандары туш келет дегендик.
Документ Ички иштер министрлигинин областтын аймагында эмгек рыногун жөнгө салуу, миграциялык кырдаалды көзөмөлдөө, экстремисттик жана террордук багыттагы кылмыштуулукту алдын алуу максатында кабыл алынгандыгы белгиленген.
Мындан мурда мигранттардын айрым тармактарда иштөөсүнө чектөө Челябинск, Магадан, Калининград, Тула, Новосибирск, Тюмень, Калуга областтарында, Ханты-Манты автономиялуу округу — Югра жана Якутия Республикасында кабыл алынган. Новгород областы чектөө киргизген 10-аймак болуп калды.



















