Бүгүн, 5-март Кыргызстанда Ак калпак күнү белгиленип жатат.
Бул датага байланыштуу мамлекет башчысы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү менен куттуктады.
Мамлекет башчысы улуттун улут катары сакталып, андан ары өнүгүүсү ошол улуттун тили, нарк-насили, тарых-таржымалы жана маданияты менен түздөн-түз байланышта экенин белгиледи.
“Ак кар-көк муз жаткан аскар тоонун элесин чагылдырган ак калпак баштаган улуттук кийимдерибиз дал ушул кыргыз маданиятынын ары көөнө, ары сыймыктуу, ары маанилүү, ары ыңгайлуу элементи экени талашсыз. Бекеринен “Ак калпак кыргыз” деп айтылбаса керек. Бүгүнкү ааламдашуу доорунда да ар бир кыргыз баласын ак калпаксыз элестетүү мүмкүн эмес. Ак калпак бул улут намысы экенин аңдаган эр-азаматтар Ак калпак күнүн белгилөө боюнча демилге көтөрүп, улуттун сезимин ойготсо, нарк билги калкыбыз аны жапа тырмак колдоп, жалпы элдик майрамга айландырды”, – деди Садыр Жапаров.
Өлкө башчысы жазда жаан, жайда ысык, күздө жел, кышта суук өткөзбөгөн ак калпак чынында эле мыкты табылга, ата-бабадан калган тарыхый мурас, ошону менен бирге кийинки муундар үчүн дагы мааниси зор таберик экенин белгиледи.
“Элибиз улуттук кийимдердин ичинен, айрыкча, ак калпакка өзгөчө маани берген. Баш кийимдин өзүнүн касиети бар ыйык тутуп, башка бирөөгө берген эмес, жоготкон эмес. Баш кетмейин башыңдан ак калпагың түшпөсүн деп алкаган. Келечек бизге өз улуттук баалуулуктарыбызга, каада-салт, нарк-насилибизге кылган мамилебизге жараша баа берерин эске алганыбызда, бабалардын улуу салтын улоо – биздин, бүгүнкү муундун милдети! Ылайым, эр-азаматтарыбыз ак калпагын, эже-карындаштарыбыз ак жоолугун, энелерибиз ак элечегин башынан түшүрбөсүн, бийик тутсун, бийик жүрсүн!”, – деген Жапаров.
Ак калпак күнү 2011-жылдан баштап бейрасмий белгилене баштаган. 2016-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен 5-март – Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий түрдө бекитилген. Андан бери бул күн Кыргызстан боюнча жана чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиз тарабынан расмий түрдө белгиленип келет. Анда ак калпакчан жигиттер жөө жүрүшкө чыгып, ар кандай иш-чаралар уюштурулат.
2019-жылы “Ак калпак жасоо өнөрү жана кийүү салты” ЮНЕСКОнун Адамзаттын бейзаттык маданий мурасынын өкүлдүк тизмесине киргизилген.



















