Россия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков өлкө башчысы Владимир Путин КЭДР лидери Ким Чен Ынга “Aurus” үлгүсүндөгү автоунаа белек кылганын РИА Новости агенттигине тастыктады.
“Ооба. Ал Aurus унаасы”,- деди Песков.
18-февралда Ким Чен Ын россиялык өндүрүштөн чыккан автоунаа белек алганын өлкөнүн Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги билдирген.
Мындан тышкары, белектерди КЭДР жумушчу партиясынын Борбордук комитетинин катчысы Пак Чон Чхон жана Түндүк Корея лидеринин карындашы Ким Ё Чжон алды. Ким Ё Чжон бул белек Россия менен КЭДР лидерлеринин ортосунда түзүлгөн өзгөчө достук мамилени тастыктап турарын белгиледи. Ал ошондой эле орус тарапка агасынын атынан ыраазычылык билдирген.
Сентябрь айында Ким Чен Ындын Россияга болгон сапарында Путин ага “Aurus” үлгүсүндөгү автоунааларды көрсөткөн. Ким Чен Ын алгач унааны сыртынан карап, андан соң унаанын артына отуруп ичинен карап чыккан. Путин кесиптешине унаанын мүнөздөмөлөрү тууралуу да айтып берген.
Орус лидери мындай үлгүдөгү лимузинди бир нече жылдан бери пайдаланып, кээде чет элдик кесиптештерине да көрсөтүп келет. Алардын айрымдары унаага кызыгуусун билдиришкен.
Aurus – россиялык люкс-класстагы автоунаалар бренди.



















