Кыргызстан менен Тажикстан дагы 1,11 чакырым чек ара сызыгы боюнча макулдашуу тапканын Министрлер кабинети 18-февралда кабарлады.
Маалыматка караганда, макулдашуу 11-февралдан 18-февралга чейин Тажикстандын Бустон шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын укуктук маселелер жана топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жыйынында кабыл алынган. Министрлер кабинети жолугушуу достук маанайда жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өткөнүн белгиледи.
Тараптар кийинки жолугушууну Кыргыз Республикасынын аймагында өткөрүшмөкчү.
Кыргызстан менен Тажикстан былтыртан бери чек араны тактоо иштерин активдештирген.
Буга чейин эки тараптын расмий өкүлдөрү чек аранын 90 пайызы макулдашылганын билдиришкен.
5-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Тажикстандагы сапарынын алкагында президент Эмомали Рахмон менен жолуккан учурда акыркы төрт айда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 196 чакырымы боюнча макулдашуу табылганы айтылган.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырымды түзөт.
2023-жылдын 15-сентябрда КРнын УКМКсынын төрагасы, кыргыз-тажик чек ара маселесин демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссиянын кыргыз тарабынан жетекчиси Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик жаңжалынын бир жылдыгына карата Баткен шаарында билдирүү жасап, эки тарап чек ара маселесин тынч жол менен чечүүнү макулдашкандыгын айткан.
“Урматтуу президентибиздин тапшырмасы менен чек араны тынч жолу менен чечүүнү көздөйбүз. Бирок ачыгын айтышыбыз керек, биздин мамлекетибизге агрессия болгондугу бул – чындык. Биз мындан ары андай агрессияга жол бербейбиз. Мен ошол комиссиянын төрагасы катары айтар элем, ушуга чейин биздин кошунабыз Тажик Республикасында биздин мамлекетибизге чек ара дооматын коюп келишкен. Аймактык дооматтарды коюп келишкен. Биз андай дооматтарга дайыма жооп берип келгенбиз, эч кандай аймактык дооматтар болбош керек деп. Биз жакынкы күндөрдөн бери жаңы документтерди таптык, ошол документтердин негизинде, биздин кыргыз мамлекетинин көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткендигин билебиз жана ошону юридикалык жана тарыхый документтер менен тактап бере алабыз”,- деген К. Ташиев























