Тяньаньмэнь аянтындагы Элдик жыйын үйүндө Өзбекстандын президентин КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин тосуп алды.
Жогорку даражалуу коноктун урматына ардактуу караул тизилди деп билдирди Өзбекстандын президентинин пресс-кызматы.
Лидерлер эки өлкөнүн расмий делегация мүчөлөрү менен саламдашты. Аскердик оркестрдин аткаруусунда Өзбекстандын жана Кытайдын мамлекеттик гимндери жаңырды. Ардактуу караулдун начальниги Өзбекстандын президентине рапорт берди. Мамлекет башчылары ардактуу караулду кыдырып өтүштү.
Салтанаттан кийин жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр башталды.



















