Өзбекстан менен Казакстандын президенттери Шавкат Мирзиёев менен Касым-Жомарт Токаев телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди өзбек президентинин маалымат кызматы.
«Телефондогу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өзбек-казак стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелерин мындан ары дагы тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти», — деп айтылат маалыматта.
Президенттер эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары чыңдоого байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулашты. Анын ичинде ушул жылдын апрель айында Бухара шаарында өткөн мамлекет башчыларынын жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Мамлекет башчылары практикалык кызматташтыктын, айрыкча, соода, өнөр жай кооперациясы, энергетика, транспорт, экология, айыл чарба жана суу чарбасы тармактарындагы жогорку динамиканы белгилешти.
«Лидерлер эки өлкөнүн президенттик администрацияларынын ортосундагы жолго коюлган тыгыз кызматташтыкты кубатташты, бул келишимдерди өз убагында ишке ашырууга жана өнөктөштүк күн тартибин жаңы долбоорлор жана идеялар менен байытууга өбөлгө түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.
Мирзиёев менен Токаев ошондой эле аймактык саясаттын актуалдуу маселелери боюнча пикир алышып, алдыда өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чаралардын графигин карап чыгышты.


















