Eurasiatoday
Бейшемби, 19-Ноябрь, 2026
KG | RU | KZ
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
  • Башкы
  • Саясат
  • Экономика
  • Коом
  • Борбор Азия
    • Кыргызстан
    • Казакстан
    • Өзбекстан
    • Түркмөнстан
    • Тажикстан
  • Дүйнө
    • Америка
    • Европа
    • Азия
    • Батыш Азия
    • Россия
  • Маданият
  • Илим
  • Туризм
  • Дин
  • Спорт
  • Биз тууралуу
No Result
View All Result
Eurasiatoday
KG | RU | KZ
No Result
View All Result

Президент мурда алынган тышкы карыздар уурдалып келгендигин билдирди

  • Экономика
  • 22.01.2024 12:16

Loading

Президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 22-январда “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маеги жарыяланды. Анда мамлекет башчы бир катар актуалдуу маселелерге,  өлкөнүн тышкы карызы, “Камбар-Ата-1” ГЭСнин, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорлорун ишке ашыруу  жана БА суу көйгөйү тууралуу суроолорго жооп берген.

— Жаңы жыл алдында тышкы карызыбыз өсүп кетиптир деген сөздөр болду. Бул жаатта акыбал кандай? Чочулоого же кабатыр болууга негиз барбы? Карыз алып атабызбы, алсак кандай максаттарга?, – деген суроого мындай жооп кайтарган:

— Мындан ары сырткы карыз алууда эч кандай чочулоого негиз жок, коркунуч да жок. Биринчиден, мурда алынган карыздар өзүн-өзү актаган долбоорлорго колдонулган эмес. Кумга сиңген суудай болуп эле жок болуп кеткен. Акыркы убактарда Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна, Датка-Кемин, Бишкек ЖЭБине алынган карыздар болсо туура эле алынган. Бизге бул долбоорлор керек болгон. Бирок эки эсе кымбат болуп калган. Көзөмөл өтө начар болгон, уурдалган. Бул долбоорлор жарым баасына эле бүтмөк. Демек, өзүн-өзү актоо мөөнөтү кыска болмок.

Тема боюнча

Тажикстандын тышкы карызы 100 млн долларга азайды: өлкө эң көп кимге карыз?

Тажикстандын тышкы карызы 100 млн долларга азайды: өлкө эң көп кимге карыз?

24.07.2026

Азыр эми ошол карыздарды төлөө мөөнөтү келип, төлөй баштадык. 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарыбызды төлөп бүтөбүз. Айрым жарандарыбыз “эки-үч жылда эле төлөп салабыз дебедиңер беле, кана төлөгөнүңөр?!” деген сындарды айтып жатышпайбы. Бардык резервдерибизди топтоп, төлөп салсак болот.

Азыр мамлекетибиздин күч-кубаты жетет. Мурда андай эмес эле, аны жакшы билесиңер.

Бирок карыз алып жатканда, макулдашууда “эгер мөөнөтүнөн мурда төлөйбүз десеңер, анда үстөк пайызы алда канча жогору болот” деген шарттары бар экен. Ал бизге пайдасыз, ашыкча чыгым болуп калат. Ошол үчүн өз убагында эле төлөп бүтөбүз. Андан коркунуч жок. Себеби бюджетибиз канча эсе көбөйгөнүн көрүп турасыздар. Мурда бюждетибиз алсыз болгондуктан, чындыгында эле, сырткы карызыбызды кантип төлөйбүз деген коркунуч бар болчу.

Экинчиден, азыркы алып жаткан сырткы карыздарыбыз кайсы долбоорго, кандай шарт менен, кайсы мөөнөттө өзүн-өзү актаарын тактап, “жети өлчөп, бир кесип” анан алып жатабыз.

Бир эле мисал келтирейин. “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга карыз алууга даярбыз. Жакында алабыз. Эгер “Камбар-Ата-1” ГЭСи бүтсө, өзүн 12-13 жылда эле актайт. Андан кийин “Токтогул” ГЭСи сыяктуу өмүр бою мамлекетке пайда алып келет.

Ал эми “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу бизди ойлондуруп турат. Өтө чоң сумма. Бул долбоор өзүн 35-40 жылда актайт.

Бирок кыргыз мамлекети дүйнөгө чыгууда туюк болбой транзиттик өлкөгө айланабыз. Ошондуктан, бул жол өмүр бою кыргыз элине, мамлекетибизге кызмат кылат.

Бул долбоорду сырттан карыз алуу жолу менен эмес, башкача жол аркылуу ишке ашыруунун жолун издеп жатабыз. Кудай буюрса, бул маселени да чечебиз. Темир жолду курууну жакынкы убакта баштайбыз.

Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн-өзү актай турган долбоорлор.

Илгерки алынган карыздар кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Же өзүн-өзү актаган эмес, же мамлекетке келтирген пайдасы болгон эмес.

Мындан ары андайга жол бербейбиз. Ар бир долбоорду “жети өлчөп, бир кесебиз”. Өзүн-өзү кыска мөөнөттө актабаган долбоорлорду кабыл албайбыз.

Ошондуктан чочулоого же кабатыр болууга негиз жок. Мындан ары бул теманы кеп кылбай деле койсо болот. Саясатташтыруунун кажети жок.

ПоделитьсяTwitterWhatsApp
Tags: президенттышкы карыз
Подпишитесь и получайте новости первыми​
FACEBOOK
INSTAGRAM
YOUTUBE

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстандын мамлекеттик карызы 48 млрд доллардан ашты: негизги маалыматтар

Өзбекстандын мамлекеттик карызы 48 млрд доллардан ашты: негизги маалыматтар

26.08.2026
Тажикстандын тышкы карызы 100 млн долларга азайды: өлкө эң көп кимге карыз?

Тажикстандын тышкы карызы 100 млн долларга азайды: өлкө эң көп кимге карыз?

24.07.2026
Кыргызстанда мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат үч эсеге көбөйөт

Кыргызстанда мектеп тамак-ашына бөлүнгөн каражат үч эсеге көбөйөт

12.06.2026
Февраль окуялары жана Путин менен жолугушуусу тууралуу. Президенттин маеги

Февраль окуялары жана Путин менен жолугушуусу тууралуу. Президенттин маеги

28.04.2026
Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн толук алмаштырылууда? Президент түшүндүрдү

Айдоочулук күбөлүктөр эмне үчүн толук алмаштырылууда? Президент түшүндүрдү

20.01.2026
Өзбекстандын тышкы карызы 75 млрд доллардан ашты

Өзбекстандын тышкы карызы 75 млрд доллардан ашты

07.01.2026
Шайлоо, орус тили, сөз эркиндиги, кадр саясаты. Президенттин кезектеги маеги

Шайлоо, орус тили, сөз эркиндиги, кадр саясаты. Президенттин кезектеги маеги

05.07.2025
Казакстандын мамлекеттик карызы 67 миллиард доллардан ашты

Казакстандын мамлекеттик карызы 67 миллиард доллардан ашты

27.06.2025
Президент аскерлердин сабалышы боюнча окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү тапшырды

Президент аскерлердин сабалышы боюнча окуяны ар тараптуу жана объективдүү иликтөөнү тапшырды

12.05.2025

Биздин Facebook

Eurasia Today

Башкы жаңылыктар

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

Иран аймактагы өлкөлөрдү АКШнын соккулары үчүн өз аймактарын пайдаланууга бербөөгө чакырды

19.11.2026
Карануска

МАГАТЭнин Иран жана Израилге карата кош стандарттары: Иран ТИМинин өкүлү Гроссиге жооп берди

19.11.2026
Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

Путин менен Си Цзиньпин Кытайдагы жолугушууда жаңы дүйнөлүк тартип тууралуу билдирүү жасашты

18.11.2026
Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

Иран Бахрейндеги АКШнын радардык системасына үчүнчү жолу дрон менен сокку урду

18.11.2026
АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

АКШ Иранга каршы согушта мөөнөтү өтүп кеткен ок-дарыларды колдонгонун моюндады

18.11.2026
Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

Ирандын ТИМ башчысы Омандын султаны менен жолугушту

17.11.2026

Валюталар курсу

Экономика

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

Иран менен Россия Решт — Астара темир жолун куруунун баасын 1,36 млрд еврого макулдашты

18.11.2026
ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

ЭВФ Борбор Азия өлкөлөрүнө акча-кредит саясатын катаалдаштырууну сунуштады

18.11.2026
Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

Евразия өлкөлөрү Ирандын демилгесин колдоду: Исламабадда согушту токтотууга чакырышты

17.11.2026
Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

Кытайдан Кыргызстанга күйүүчү майдын алгачкы партиясы темир жол аркылуу жеткирилди

28.10.2026
Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

Bloomberg: Хуситтердин чабуулдары Сауд Арабиясынын туризм, транспорт тармагына жана инвестициялык планына сокку урду

28.10.2026
Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

Өкмөт күйүүчү-майлоочу майларды субсидиялоону 31-декабрга чейин улантат. Андан кийин эмне болот?

27.10.2026
Eurasia Today @eurasiatoday_ru
216 подписчиков

Новости, аналитика и репортажи: Иран, Центральная Азия, Россия. Сложное — просто, важное — интересно.

Подписаться в Telegram
  • Башкы
  • Борбор Азия
  • Дүйнө
  • Илим
  • Коом
  • Маданият
  • Саясат
  • Экономика
  • Дин
  • Спорт
  • Туризм
  • Сүрөт
  • Видео
© 2023 Eurasiatoday.
Бардык укуктар корголгон.
Сайттын эски версиясы

"EURASIA TODAY" сайтынын материалдарын колдонуу жана көчүрүү булакка шилтеме берүү аркылуу гана мүмкүн. Текст, фото, аудио жана видеоматериалдарды пайдалануу редакциянын макулдугу менен гана ишке ашырылат.