Кечээ, 14-декабрда Россия президенти Владимир Путин 2021-жылдын июнь айынан бери биринчи жолу орус жарандары менен түз линия форматында сүйлөштү. Быйыл түз линия жылдык маалымат жыйыны менен айкалыштырылды. Иш-чарага россиялык жана чет элдик маалымат каражаттары чакырылган. Россиялыктар түз линияга 2 миллиондон ашык суроо жөнөтүшкөн. 4 саат 4 мүнөттө Путин 80 суроого жооп берди. Анын ичинде Путин миграция маселесине да токтолду.
Анын айтымында, Россияда миграция маселеси жөнөкөй эмес, ар кандай маалыматтар боюнча өлкөдө 10 миллионго жакын эмгек мигранттары бар.
“Бул оңой маселе эмес. Бул дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө, бизге да мүнөздүү. Ар кандай эсептөөлөр боюнча бизде 10 миллиондон ашык эмгек мигранттары бар”, – деди ал.
Президенттин айтымында, учурда жумушчу күчкө муктаждык бар. Бирок, өлкө биринчи кезекте квалификациялуу жумушчу күчкө кызыкдар.
Ошол эле учурда Путин мигранттарга жакшы шарттарды түзүү зарыл экенин билдирди.
Ошондой эле эмгек миграциясындагы маселелер боюнча өз убагында чечимдерди таба турган атайын органды түзүү керектигин белгиледи.
“Техникалык-укуктук маселелер менен алектенген ИИМден тышкары атайын орган болуусу кажет. Көйгөйлөрдү ар тараптан карай турган атайын орган керек”, – деди Путин.



















