Кечээ, 23-ноябрда Минск шаарындагы Эгемендүүлүк сарайында Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин сессиясы болуп өттү.
ЖККУ ЖККнын ишине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Беларустун президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана Уюмдун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.
Сессиянын жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө болгон Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын мамлекет башчылары бир катар документтерге кол коюшту:

- Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук Кеңешинин декларациясы;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун кризиске жооп берүү системасын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Бириккен пресс-борбору жөнүндө Жобо тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Бириккен штабынын начальниги жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Тынчтыкка – биргеликте” медалын уюштуруу жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун аскерлеринин (Жамааттык күчтөрдүн) контингенттеринин ортосунда берилүүчү материалдык каражаттар (көрсөтүлүүчү кызматтар) үчүн өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө Сунуштар тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун ыкчам чара көрүү жамааттык күчтөрүнүн аскердик контингенттеринин жана атайын багыттагы күчтөрүнүн түзүмдөрүнүн курамы жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмуна мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоочу контингенттеринин курамы жана жайгашуусу тууралуу Протокол жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздуктун Борбор Азия региондорунун тез жайылтуучу Жамааттык күчтөрдүн улуттук контингенттеринин курамы жана жайгашуусу жөнүндө Протокол тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Катчылыгында квоталык кызмат орундарын бөлүштүрүү жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Бириккен штабынын Түзүмү жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “2022-жылга Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө” ЖККУ ЖККнын чечими;
- “Жамааттык коопсуздук келишими Уюмунун Жамааттык Коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү убактысы жана орду, Уюмда төрагалык кылуу жөнүндө” ЖККУ ЖККнын протоколдук чечими.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын декабрда Санкт-Петербургда өткөрүү пландалууда.
















