Ош шаардык кеңеши бүгүн, 14-ноябрда, кезектеги сессиясында учурдагы мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алышты. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдошту. Ал эми үчөө каршы деген добуштарын беришти. Муну мэрия өкүлдөрү менен айрым саясий серепчилер депутаттар саясий буйрутмаларды аткарышууда деген баа беришүүдө.
14-ноябрдагы Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында калаа башчы Б.Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча эл өкүлдөрүнүн күтүүсүздөн көтөргөн маселесинин протоколдук чечимин депутат Жыргалбек Тажибаев окуп берди.
“Ош шаарынын мэри Бакытбек Ишенбековичке ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча бюллетендердин эсептөөнүн жыйынтыгы төмөдөгүдөй болуп чыкты. Депутаттардын жалпы саны – 45, даярдалган бюллетендердин жалпы саны – 45, добуш берүүгө катышкан депутаттардын жалпы саны – 42, жараксыз деп табылган бюддетендер жок, “Макул”,-деп добуш бергендердин жалпы саны – 39, “Каршы”,-деп добуш бергендердин саны – 3”,-деди Тажибаев.
Ош шаарынын мэри жана вице-мэрлерди кызматтан алуу тууралуу сунуштарын Ош шаарынын депутаттары бүгүн, 14-ноябрда көтөрүп чыгышты жана аны бардык фракция лидерлери колдоп кетишти. Анын ичинен депутат Эсенбек Арзиев шаардык кеңештин депутаттары ооруканалар, бюджетти толтуруу, сейил бактарды иретке келтирүү боюнча бир катар токтомдору аткарылбай калганы үчүн чара көрүлүш керек болчу деген пикирин билдирип, алдыда анын кызмат ордун кароо маселесин тымызын көтөрдү.
“Жетигеновдун кызмат ордун кароого мен каршы эмесмин. Шаарда болуп жаткан бардык саясий, экономикалык абалдын баарына мэр жооп берет. Биз ушул кишиге ишенип, ошол адамдан отчет алабыз. Эгерде шаарда ишкерлерге кысым көргөзүлүп, ошол эле учурда бюджеттин толбой калышына, жана жалпы эле саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактарындагы бардык мүчүлүштүктөрдүн баары боюнча ушул киши жоопкер да”,-деди депутат Арзиев.
Буга чейин Ош шаарында жеке ишкер, «Классик» мейманканасынын ээси Жаныбек Ажиматов мэриянын кызматкерлеринин үстүнөн УКМК менен шаардык кеңешке арызданганы кабарланган. Ишкер шаар күнүн белгилөөдө мэриянын аткаминерлери бекер сый дасторкон даярдап берүүнү талап кылганына даттанган. Ал мэриянын талабын аткаруудан баш тартканда, шаардагы мекемелердин текшерүүлөрү күчөгөнүн жана мындай текшерүүлөрдөн кутулуу үчүн бекер дасторкон жайганын айтып чыккан. Ал эми мэрия кызматкерлери андай дооматтарды четке кагууда.
Ош шаардык кеңешинин депутаты Эсенбек Арзиев, Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү маселеси ушул окуяга да каймана тиешеси болуп калганын кошумчалады.
“Негизи мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушу “Классик” мейманканасындагы окуя да түрткү болду десек да жарашат. Себеби, бул терс көрүнүш да. Анткени көрүп атасыңардай, Президентибиз ишкерлерди колдоо боюнча кандай иш-чараларды өткөрүп жатат. Биз да ошол багытта кетишибиз керек. Ишкерге кысым көргөзүлбөш керек. Жогоруда айткандай, шаардагы бардык ишке ушул киши жооптуу да”,-деди ал.
Бирок депутаттар мэрге негизги ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимине шаардык кеңештин 90 пайыз токтомдору аткарылбай жатканын жүйө келтиришкен. Бирок сессияда мунун себептерин түшүндүрүү үчүн мэрдин орун басары Замир Юсупов сөз сураганда ага уруксат берилбей калган.
Ош шаардык мэриянын маалымат кызматынын жетекчиси Жумамидин Сулайманкулов депутаттардын токтомдору 95 пайыз аткарылганын айтып, 5 пайызы гана ар кандай факторлорго байланыштуу аткарылбай калганын, ага финансылык маселелер, айрым учурда бир катар тоскоолдуктар жаралып, кедергисин тийгизгенин белгилейт.
“Буга мисал: Ош шаарындагы аскердик бөлүк жайгашкан Нурматов көчөсүн ачкыла деп атышат. Бирок ал жер стратегиялык обьект болуп жатат. Аны ачыш үчүн Өкмөттүн атайын чечими, Коргоо министрлигинин уруксаттары керек экен. Ушуга окшош ар кандай факторлор бар. Аткарылбай жатат деген 5 пайыз токтомдордун ичинде 2013-жылдан бери келе жаткандары бар экен. Депутаттардын бат эле чечим чыгарып койгонунда, саясат бар экени байкалып жатат”,-деди Ж.Сулайманкулов.
Бул иште саясий боек бар экенин айтып, “мэр жакшы эле иштеп аткан”,-деген саясий серепчи Төлөгөн Келдибаев, Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөткөнгө укуктук жактан баа берилиш керек эле дейт. Ал ишенбөөчүлүк көрсөтүү – узак процесс экенин эске салып, анын кылмышын аныкташ керектигин, тактап айтканда, же ал мамлекетке чыккынчылык кылып же оор кылмыш жасады дегендей негиздүү далилдерди келтириш керектигин кошумчалайт.
“Бул – 100 пайыз саясий буйрутма болуп калды. Күн тартибине коюла турган маселелер алдын ала айтылыш керек дегендей процедуралар бар да. Жетигеновго ишенбөөчулүк көрсөтүү маселеси качан, ким тарабынан көтөрүлдү, бюллетенди качан даярдай коюшту деген шектүү суроолор пайда болуп жатат. Ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн мэрдин отчеттору канааттандыраарлык эмес деп табылыш керек жана анын оор кылмыштары далилдениш керек. Мисалы: адам өлтүрүү, зордуктоо, жер сатуу, мекенге чыккынчылык кылуу сыяктуу кылмыштары далилдениш керек да. Ошондо анан ишенбөөчүлүк көрсөтүлөт. Азыр булардыкы курулай доомат, жалган жалаа болуп калды. Анткени азыркы шаардык кеңештин дептуттарынын көпчүлүгүнүн билими тайыз, сабатсыз, айрымдары жыгач базар менен темир базарда, кээлери коррупциялык символдордун жугундусун ичип жүргөндөр же ушундай көрүнүшкө кызмат кылып жүргөндөр. Алардын ичинен Раим Матраимовго кызмат кылып, анын айланасында жүрүп, кичине тыйын-тыпыр таап алып, ошонун арты менен депутат болуп калгандар жүрүшөт”,-деди Т.Келдибаев.
Кошумчалай кетсек, 57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарына мэр болуп келгенине бир жылдай убакыт болду. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген айыптын негизинде кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдугун берген эмес.
Төрт фракциядан турган Ош шаардык кеңешинде 45 депутат бар. Ош шаары республикалык маанидеги макамга ээ, мэрди президент дайындайт.
Белеков. А




















