Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча 14 документке кол коюлду.
- Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар (премьер-министрлер) кеңешинин жыйырма экинчи отурумунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен коммюнике;
- Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын ШКУга мүчө мамлекеттердин көп тараптуу соода-экономикалык кызматташуу программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар жана кеңешмелер жөнүндө отчету тууралуу Өкмөт башчылар кеңешинин (ӨБК) чечими;
- 2022-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча ШКУнун финансылык отчету тууралуу ӨБК чечими;
- Шанхай кызматташтык уюмунун 2024-жылга бюджети жөнүндө ӨБК чечими;
- Шанхай кызматташтык уюмунун Финансылык эрежелери жөнүндө ӨБК чечими;
- Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуу иштеген органдарынын кызмат адамдарынын эмгек акысы, кепилдиктери жана компенсациялары жөнүндө Жобо тууралуу ӨБК чечими;
- ШКУга мүчө мамлекеттердин Тышкы аудиторлор комиссиясынын ШКУнун туруктуу иштеген органдарынын финансылык-чарбалык ишине тышкы аудит жүргүзүү боюнча баяндамасы тууралуу ӨБК чечими;
- ШКУга мүчө мамлекеттердин темир жол администрацияларынын (темир жолдорунун) өз ара аракеттенүү Концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы жөнүндө ӨБК чечими (Ташкент ш., 2019-жылдын 2-ноябры);
- Шанхай кызматташтык уюмунун Катчылыгынын штаттык расписаниеси боюнча ӨБК чечими;
- Шанхай кызматташтык уюмунун Регионалдык антитеррордук түзүмүнүн Аткаруу комитетинин штаттык расписаниеси жөнүндө чечим;
- ШКУ аймагынын сатып алуучулар менен сатуучулардын санариптик жолугушуусунун Концепциясы боюнча ӨБК чечими;
- 2017-жылдын 1-декабрындагы Шанхай кызматташтык уюмунун бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протокол;
- ШКУга мүчө-мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу министрликтеринин жана ведомстволорунун санариптик соода чөйрөсүндө кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси (кол коюусуз кабыл алынган);
- 2024-жылы ШКУла “Экология жылын” өткөрүү боюнча иш-чаралар планы.
Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Ирандын Биринчи вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кытай Мамлекеттик Кеңешинин премьери Ли Цян, Монголиянын премьер-министри Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Россия өкмөтүнүнтөрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар жана Пакистандын тышкы иштер министри Джалил Аббас Джилани катышты.




















