Азыр Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор, маркум Камчыбек Асанбек жана анын бир миллиард долларга барабар кыймылсыз мүлктөрү тууралуу жалкоолор менен келесоолор гана жазып, талкуулаган жок. Бул теманы айрыкча өздөрүн “эркин маалымат каражаттарыбыз” деген журналисттер ого бетер көбүртүп-жабыртып, “көркүнө” чыгарышууда. Алар негизинен азыркы бийлик эмнеге кокусунан эле кылмышкерлерге каршы күрөш жарыялагандыгы менен бул компаниянын акыры эмне менен бүтөрүнө көбүрөөк басым жасашууда. Бирок алардын бүтүмү криминал менен күрөштүн аягы жакшы бүтпөйт же аягына чыкпайт деген бүтүмгө токтолуп жатышат.
Ошол өздөрүн эркин сезген маалымат каражаттары келечекке карата божомолун эксперттердин тыянагы менен жыйынтыкташууда. Тилекке каршы көпчүлүк эксперттер криминалдын өткөн тарыхына жакшы баяндама берген менен бийликке келечекте эмне кылуу керектиги тууралуу акыл айтып, кеңеш берише элек. Ал тургай криминал мурда болуп келгендей эле, мындан ары да улантыла берерин, бир да мамлекетте аны түп тамырынан бери жок кылган мисал жоктугун айтышып, коомчулукту эки анжы ойго салууда.
Ооба, мындан мурда да жаңы келген бийлик кылмыштуу топторго каршы кагаз жүзүндө “күрөш” жарыялаган менен реалдуу эч нерсе кыла алган эмес. Демек, криминалдан корккон же өздөрү аралашып алып, керек учурда пайдаланган. Айрыкча Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда ушундай көрүнүштөр аябай күч алган. Ага мисал катары башкасын айтпаганда да, Кыргызстанды көп жыл титиретип кармап, көптөгөн бизнесмендерди талап-тоноп, далай кыргыз жигиттерин өлтүрүп, кулагын кесип келген Азиз Батукаевдин Нарындагы түрмөдөн бошотулуп, “Манас” аэропорту аркылуу жеке менчик самолётко кызыл килем менен узатылышын айтсак болот. Бул жөн гана кылмыш эмес, өз өлкөсүнө жасалган чыккынчылык десек болот.
Бирок А. Батукаевдин бошотулушу коомдо өтө чоң нааразычылык менен талкууну жараткан менен ким аны ушунчалык чагылгандай тездик менен бошотууга буйрук бергендиги ачыкка чыкпай кала берди. Сыягы, “Батукаев операциясынын” башында ошол учурдагы мамлекет башчысы А. Атамбаев өзү турган. Кийин ал кайсы бир интервьюсунда күч органдарын тейлеген вице-премьер-министр Шамил Атахановду күнөөлөп сүйлөп, аны кызматтан алып гана кутулууга аракет кылды. Ортодо эле “Батукаев ак кан оорусу менен жабыркаган, тез арада бошотулбаса өлүп калып, балеесине калабыз” деген врачтар менен түрмө жетекчилери гана камалып, кызматтан алып, жебеген самсанын пулун төлөгөндөй болушту.
Атамбаевдин кылмышкерлер менен “ысык мамиледе” болуп, аларды саясый максатына колдонгондугуна оппозицияны куугунтуктагандыгын да мисал келтирсек болот. Эгер эсиңиздерде болсо, бийликке каршы пикет, митингдер көпчүлүк учурда жарандык кийимчен, спорттук дене түзүлүштөгү жигиттер тарабынан кууп таратылып, алардын лидерлеринин үйлөрүнө түнкүсүн белгисиз бирөөлөр барып, коркутуп-үркүтүп турушкан. 2010-жылы апрель революция-төңкөрүшүнүн башында турган А. Атамбаевдин колдоочу-тарапташтары делген жаштар негизинен акчага сатылган. 2021-жылы октябрда да бийлик алмашканда ал реванш алгысы келип, Ала-Тоо аянтына акча үчүн жалданган тарапташтарын чогултуп, Ак үйгө “чабуул” коюп, бирок бул ирет мизи кайтарылды. Себеби эл ага жол бербеди.
Ал эми азыр мурдагы бийликтердин кылмышкерликке каршы күрөшүү ураанынан айырмаланып, реалдуу иштер жасалып жатат. Ким ойлоптур, өзүн Кыргызстандын көмүскө кожоюну сезген “мыйзамдагы ууру” Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) куралдуу каршылык көрсөткөндүгү үчүн жок кылынат деп. Арадан бир жума өтпөй анын бир миллиард долларга барабар кыймылсыз мүлктөрү аныкталып, табылып, коомчулукка толук маалымат берилди. Ошол эле учурда маркум “вордун” жер жерлердеги бизнесмендерди тоноп келген “смотрящийлери” күн сайын кылмыш статусунан баш тартуу менен бийликке багынып берип жатышат. Ооба, айрым эксперт сөрөйлөр чакан өлкөбүздөгү ушунчалык рак илдетиндей жайылып кеткен кылмыш чөйрөсүн сталиндик репрессия ыкмасы менен гана жок кылыш керек деген ойду айтышууда.
Бирок биз укуктук өлкөдө жашагандыктан, бүгүн кармалып жаткан К. Асанбектин өнөктөш-досторунун кылмыш дүйнөсүнө кандай жардам бергендиги далил, фактылар менен айтылып, тиешелүү беренелердин негизинде камакка алынууда. Себеби биз адам укугун сыйлаган, демократиялуу өлкө гана эмес, мыйзам үстөмдүгү баарынан жогору турган да мамлекет экендигибизди унутпаш керек. Демек, ак эмгеги менен ишкерлик кылган бизнесмендер менен ишкерлерди коркутуп акча алган жана мамлекетке ири суммада зыян келтирген бандиттердин мыйзам алдында жооп бере турган учуру келди. Эгер бүгүнкү бийлик мындай кадамга барбаса, анда мамлекет катары жок болуп кетишибиз мүмкүн эле.
Баса, ошол эксперттердин бири катары көп ММКларга интервью берип жаткан мурдагы премьер-министр, экс ИИМ жетекчиси Феликс Кулов К. Асанбек тууралуу ал саясатка аралашкан эмес дептир.
Кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясы саясат эмес бекен?
Бүгүнкү күнгө чейин Кыргызстан криминал өзүн ээн-эркин сезип, эч кайсы мыйзамдарга баш ийбеген, каалаганын жасаган, бир гана патрону болгон “ворго” баш ийген башаламан өлкө болуп келди. Бул өз кезегинде карапайым элдин бийликке болгон ишеничин жоготуп, ишмердүүлүк кылуусуна мүмкүнчүлүк берген эмес. Өлкөбүздө кылмыштуулук ушунчалык саясатташып, идеологияга айланып кеткендигин ушундан билиңиз, мектептерде да рекетчилик күч алып, окуучулар өздөрүнө бандиттерди кумир тутуп калышкан. Эми келечегибиз болгон алар эртең кандай болуп чоңоюшарын ойлоп көрүңүз.
Эмне үчүн Ф. Кулов өлкөбүздүн экинчи адамы болуп турганда, ИИМди, Бишкек мэриясын жетектегенде азыркы айткандарын аткарып, кылмышкерлер менен чечкиндүү күрөш жүргүзгөн эмес?
Демейде, гей-парадды, кыргыз элинин каада-салты менен нарк-насилине каршы иш чараларды кеңири чагылдырып, уюштуруучуларын улуттук баатыр деңгээлинде даңазалаган ошол эле эркин ММКлар менен ӨЭУлар (НПО) эмнегедир Камчыбек Асанбектин өз өлкөсүнө жасаган кыянатчылыгы менен кылмыштарына көңүлкош мамиле жасап жатышкандай. Болбосо, ушул маалымат каражаттары менен ӨЭУларды каржылап жаткан АКШ К. Асанбектин кылмыштуу схемасы тууралуу берилген маалыматка 5 млн доллар сыйлык жарыялабады беле.
Ж. Султанов.



















