Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети республиканын мамлекеттик университеттериндеги коррупцияны аныктоо боюнча иш-чаралардын алкагында Кыргызстандын эки жогорку окуу жайында коррупциялык схеманы аныктады.
Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин факультеттеринин жетекчилери Кытайдагы гранттык орундарга окууга кабыл алуу үчүн, студенттерден 900доллар өлчөмүндө акча каражатын алуу боюнча коррупциялык схема уюштурушкан.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында пара талап кылгандыгы үчүн «И.Б.М.» жана «А.С.Х.» аттуу жарандар кармалып, өз кезегинде «Б.Р.С.» аттуу жаран УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.



















