Парижде 1-сентябрдан тарта электросамокаттарды ижарага алууга толугу менен тыюу салынат, деп билдирет RTBF.
Маалыматка караганда, шаар мэриясы Парижде мындай транспорт каражаттарынын ижарага берген жеке операторлор менен келишимди узартууну токтоткон.
Ошентип, француз шаары бул эки дөңгөлөктүү транспор каражаттарын ижарага берүүгө тыюу салган биринчи европалык борбор болуп калды.
Мындай чечим мэрия жүргүзгөн референдумдун жыйынтыгында кабыл алынган. Алсак, добуш берүүгө 100 миңден ашык шаар тургуну катышып, алардын 89%ы тыюу салуу үчүн добуш беришкен.
Шаар тургундарын транспорттун мындай түрүн кооптуу айдоо жана аларды көп учурда туура эмес жерде туш келди калтырып жатышканы канааттандырбайт.



















