Кытай БРИКСтин кызматташуу механизмине кошулууну каалагандардын баарын чын жүрөктөн кубаттайт, деп билдирди Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин БРИКСтин бизнес форумунун катышуучуларына жасаган кайрылуусунда. Анын кайрылуусун шейшембиде Кытайдын соода министри Ван Вэньтао окуп берди.
“Бүгүн БРИКС өлкөлөрү жана 50дөн ашык өлкө Түштүк Африкада бир тарапты тандоо же блоктордун конфронтациясына катышуу үчүн чогулган жок, ал тынчтык жолу менен өнүгүү үчүн масштабдуу структураны түзүү үчүн чогулушту. 20дан ашык өлкө чындап эле БРИКСтин эшигин кагып жатканын көргөнүмө кубанычтамын. Кытай БРИКСтин кызматташуу механизмине кошулууну каалагандардын баарын чын жүрөктөн кубаттйт”,-деген Си Цзиньпин.
БРИКСтин саммити Йоханнесбургда 22-24-август күндөрү өтүп жатат, ага Кытай, Индия, Бразилия жана Түштүк Африканын лидерлери, Рфтин атынан Тышкы иштер министри Сергей Лавров катышууда. Россиянын президенти Владимир Путин саммитке видеоконференция аркылуу катышты.
буга чейин саммитинин катышуучулары биримдикти кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашары маалымдалган.
БРИКС Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканы бириктирет, бирок жакында эле экономикалык блокко кошулуу каалоосун кеминде 19 мамлекет, анын ичинде Аргентина, Иран, Алжир, Тунис, Түркия, Сауд Арабиясы жана Египет билдирген.

















