Жасалма интеллект текст жазып, маалымат топтой алган заманда, илимдин чыныгы баалуулугу адамдын оригиналдуу идеясы жана өз алдынча ой жүгүртүүсүндө гана калат.
Бүгүнкү билим берүү улуттук баалуулуктарга таянуу менен бирге дүйнөлүк технологиялык жетишкендиктерди өздөштүрүүгө багытталышы керек жана заманбап билим берүү жаштарды даяр маалыматтын керектөөчүсү эмес, суроо берип, өз позициясын далилдей алган чыгармачыл инсан катары тарбиялоого милдеттүү.
Мындай пикири менен мамлекеттик жана саясий ишмер, саясий илимдердин доктору Мамытов Токон Болотбекович “Евразия Тудей” агенттигинин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
– Токон Болотбекович, азыркы жасалма интеллект диссертацияларды жана макалаларды даярдап жаткан шартта адамдын оригиналдуу идеясын баалоонун жаңы критерийлери кандай болушу керек?
– Менин оюмча, мындан ары илимдин сапатын жарыяланган макалалардын же корголгон диссертациялардын саны менен гана өлчөөгө болбойт. Негизги критерий – адамдын өз алдынча ой жүгүртүү жөндөмү, жаңы идея сунуштай алышы, илимий көйгөйдү туура коё билиши жана коомдун өнүгүшүнө пайдалуу чечимдерди жаратышы болушу керек. Жасалма интеллект маалыматты топтоп, текст жазып бере алат, бирок илимий жаңылыктын маанисин түшүнүү, анын коом алдындагы жоопкерчилигин сезүү жана жаңы илимий багыттарды аныктоо адамдын интеллектуалдык милдети бойдон калууга тийиш. Ошондуктан илимий иштерди баалоодо автордун жеке салымына, оригиналдуулугуна, идеяны коргой билүүсүнө жана анын практикалык маанисине өзгөчө көңүл буруу зарыл.
– Z муунуна терең философиялык ой жүгүртүүнү жана жоопкерчиликти кантип сиңирүүгө болот?
– Бүгүнкү жаштар маалыматты интернеттен жана социалдык тармактардан алып жатканы – табигый көрүнүш. Маселе маалыматтын кайдан алынганында эмес, аны канчалык деңгээлде талдап, туура баалай билгенинде. Биз жаштарды даяр маалыматты кабыл алган керектөөчү эмес, өз алдынча ой жүгүрткөн, суроо бере алган жана өз позициясын далилдей билген инсан катары тарбиялашыбыз керек. Бул үчүн философияны, тарыхты, социологияны, саясат таанууну жана маданиятты окутууну күчөтүү зарыл. Билим берүү кургак теория менен чектелбестен, турмуштук маселелерди талдоо, талкуу, илимий изилдөө жана коомдук долбоорлор менен айкалышы керек. Кургак теория эмес, реалдуу изилдөө маанилүү.
Эң башкысы – жаштарга эмнени ойлонууну эмес, кантип ойлонууну үйрөтүшүбүз зарыл.
– Интеллектуалдык жана жоопкерчиликтүү сапаттарды калыптандыруу үчүн кандай жаңы ыкмалар керек?
– Билим берүүдө жаттап алуу жана даяр жоопторду кайталоо ыкмасынан изденүүгө, талдоого жана чыгармачылыкка негизделген окутууга өтүшүбүз керек.
Мен үч негизги багытты сунуштайт элем:
1) Сынчыл ой жүгүртүү: ар кандай маалыматты текшерүү, салыштыруу жана өз алдынча тыянак чыгаруу.
2) Изилдөөчүлүк жөндөм: студенттерди мектептен жана университеттен баштап илимий долбоорлорго, практикалык изилдөөлөргө тартуу.
3) Жарандык жоопкерчилик: жаштарга коомдун, мамлекеттин жана келечек муундардын алдындагы жоопкерчилигин түшүндүрүү.
Ошондой эле университеттерде философия, социология, логика, этика жана саясат таануу сыяктуу дисциплиналардын ролун күчөтүү зарыл. Анткени кесиптик билим адамды адис кылса, терең ой жүгүртүү аны жоопкерчиликтүү инсан кылат.
– Жаштар тышкы геосаясий таасирлерге жетеленбеши үчүн алардын аң-сезимине улуттук баалуулуктарды кантип сиңирүү туура болот?
– Биринчиден, улуттук баалуулуктарды жаштарга жөн гана ураан же чакырык катары эмес, улуттун тарыхый тажрыйбасына, маданиятына, тилине, дүйнө таанымына жана руханий мурасына негиздеп түшүндүрүү зарыл. Биз дүйнөдөн обочолонбошубуз керек. Батыштын да, Чыгыштын да илимий жана технологиялык жетишкендиктерин үйрөнүшүбүз зарыл. Бирок ошол эле учурда өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбызды, тарыхый эс тутумубузду жана баалуулуктарыбызды сактай билишибиз керек.
Улуттук аң-сезими бекем, билими терең, өз алдынча ой жүгүрткөн жаштарды эч кандай тышкы идеология оңой менен өзүнө баш ийдире албайт. Ошондуктан улуттук дүйнө тааным – жаштардын интеллектуалдык жана маданий иммунитетинин нигизин түзүшү керек.
Менин түшүнүгүмдө, улуттук тарбиянын негизги максаты – жаштарды башкаларга каршы коюу эмес, өз элинин тарыхын, маданиятын жана мамлекетин терең түшүнгөн, дүйнө менен тең ата сүйлөшө алган инсан кылып тарбиялоо. Кыргызстандын келечеги маалыматты канчалык көп керектегенибиз менен эмес, канчалык көп жаңы идеяларды жарата алганыбыз менен аныкталат. Бизге жөн гана диплом алган адистер эмес, илим жарата алган окумуштуулар, терең ой жүгүрткөн интеллектуалдар, жоопкерчиликтүү жарандар жана мамлекеттин келечегин ойлогон жаңы муун керек. Дал ушундай муун өлкөнүн интеллектуалдык көз карандысыздыгын жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздай алат.
Маектешкен Турдайым Кожомбердиева


















