Америкалык ишкер, SpaceX компаниясынын ээси Илон Маск адамзат 5-7 жылдын ичинде Марска активдүү отурукташа баштайт деп билдирди.
Социалдык тармактагы X баракчасында жазган билдирүүсүндө Маск бул окуя Жер менен Марстын ортосундагы экинчи же үчүнчү учуруу терезесинде ишке ашарын белгиледи.
Масктын айтымында, негизги маселе – учурдагы технологиялык өнүгүү деңгээли адамзат цивилизациясынын Марста өз алдынча жашоосун жана гүлдөп-өнүгүшүн камсыздай алабы деген суроо. Анткени, эгерде Жерден жүктөрдү жеткирүү мүмкүн болбой калса, анын пикиринде, «Марста жашоого мүмкүн болбой калат».
Мындан тышкары, 15-мартта Маск 2026-жылдын аягында Starship космостук кемесин учуруу пландалып жатканын жарыялады. Бул кемеде Optimus аттуу гуманоиддик робот болуп, ал Марска жөнөтүлөт.



















