Америкалык миллиардер жана АКШдагы Мамлекеттик натыйжалуулук департаментинин (DOGE) башчысы Илон Маск Владимир Зеленскийди Украинадан чыгып кетүүгө жана бийликтен баш тартууга чакырды.
Бул тууралуу ал X социалдык тармагына жазды.
Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири «Эгер согуш аяктаса, Киев режиминин башчысы Зеленскийдин бийлиги да бүтөт»,- деген билдирүүнү калтырган, ага ишкер “чындык” деп жооп берген.
«Канчалык жагымсыз болсо да, Украинада демократияга тынчтык жолу менен өтүү үчүн Зеленскийге нейтралдуу өлкөдөн кандайдыр бир мунапыс сунушталышы керек», – деп кошумчалаган Маск.
Эскерте кетсек, 28-февралда Украинанын президенти В. Зеленский АКШ президенти Дональд Трамп менен жолугушуу үчүн Ак үйгө барган.
Сүйлөшүү учурунда алардын ортосунда кайым айтышуу жаралып, Трамп менен Зеленский орток пикирге келе алышкан эмес. Ал эми АКШнын вице-президенти Ж.Д.Вэнс Вашингтонго Киевге көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирүүнү унутуп калганын белгиледи.
Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйыны жокко чыгарылып, АКШ менен Украинанын ортосундагы кен байлыктар боюнча келишимге кол коюлган эмес.
Трамп кийинчерээк Зеленский украин чатагын тынчтык жолу менен чечүүнү каалабаганын жана сыйлабастыгын көрсөткөнүн баса белгилеген.


















