Америкалык SpaceX компаниясынын Starship ракетасы онунчу жолу сыноого даярдануу учурунда жарылып кеткен.
Сыноолор X NSF социалдык тармагында көрсөтүлгөндүгүн массалык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
“Операция учурунда коопсуздук зонасы сакталып, бардык кызматкерлер коопсуз жана байланышта”, – деп айтылат компаниянын X социалдык медиа аккаунтунда.
Белгиленгендей, алар жакын жайгашкан конуштардын тургундарына эч кандай коркунуч жок экенин билдиришип, бирок алардан “коопсуздук иштери уланып жаткан учурда” аймактан алыс болууну суранышкан.
ЖМКлардын маалыматына караганда, кырсык АКШнын Техас штатындагы Бока-Чика шаарында SpaceX компаниясына таандык Starbase учуруу аянтында болгон.
Кырсыктын келип чыгышына кеменин май куюучу цистерналары жайгашкан бурчунда ири өлчөмдө криогендик күйүүчү майдын агышы менен өрт чыгып, натыйжада жарылып кеткен.
Муну SpaceX компаниясынын башкы директору Илон Маск да тастыктады.
Эске сала кетсек, Starship кемесинин жетинчи, сегизинчи жана тогузунчу учуулары да ийгиликтүү болгон эмес.

















