Өткөн айда окумуштуулар тарабынан Марска илимий изилдөө жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы GeoHealth журналына жарыяланган.
Жаңы изилдөөлөргө ылайык, Марстан уулуу чаң табылып ал астронавттар үчүн өтө кооптуу экендиги айтылат.
Бул маалыматты илимий изилдөөнүн авторлорунун бири, Түштүк Калифорния университетинин (USC) Кек медициналык мектебинин студенти Жастин Ванг CNN телеканалына берген маегинде билдирген.
Телеканал билдиргендей, февраль айында окумуштуулар Марс чаңында камтылган кремний, гипс, перхлораттар жана нанофаза темир оксиддери сыяктуу заттар Марска мүмкүн болуучу миссиянын катышуучуларынын өмүрүнө коркунуч туудурушу мүмкүн экенин аныкташкан.
“Эң чоң коркунуч астронавттардын өпкөсү үчүн болгон коркунуч. Чаң абдан майда болгондуктан, ал астронавттардын өпкөсүндө калып, анын бир бөлүгү канга сиңип калышы мүмкүн”, – деди изилдөөнүн авторлорунун бири Жастин Ванг.
Автордун айтымында, космонавттар космоско учкан радиациянын таасиринен өпкө фиброзуна кабылуу коркунучу алдында турат жана ал кремний диоксиди, темир оксиддери өпкө ооруларын пайда кылышы мүмкүн.
Мындан тышкары, перхлораттар – уулуу концентрациялары Марстын топурагында табылган химиялык кошулмалар – калкан безинин иштешинин бузулушуна жана апластикалык анемияга, организм жетиштүү кан клеткаларын өндүрүүнү токтоткон шартка алып келиши күмөн жаратпай койбойт.
Илимпоз кошумчалагандай, Марстан Жерге кайтып келүүчү жолдун узактыгын эске алганда, эң негизгиси чаңдын таасиринен сактануу керек.
“Марстагы чаң Кызыл планетага миссиянын эң кооптуу бөлүгү болуп эсептелбесе да, бул астронавттар үчүн зыяндуу болушу мүмкүн болгон коркунуч, бирок биз ага туура даярдансак, оңой эле кутулууга болот”, – деди ал.



















