Улуттук банк 6-июнга карата 1 АКШ долларынын расмий кунун 87,31 сом деңгээлинде бекитип, 0,26%га төмөндөгөнүн билдирди. Бирок, Кыргызстанда доллардын баасынын арзандап жатышынын негизги себеби эмнеде болуп жаткандыгы боюнча маалымат берилген жок.
Доллардын кунунун түшүшү өлкөнүн ички экономикасына жана эл аралык рыноктогу ордуна канчалык таасирин тийгизет? Келечекте доллардын дүйнөлүк рыноктогу орду кандай болушу мүмкүн деген суроолордун тегерегинде экономист, бизнес-пландоо боюнча эксперт Искендер Шаршеевге кайрылдык.
Эксперт доллардын кунунун тушүшүнүн бир канча себептерин атады.
“Кыргызстанда доллардын төмөндөшүнүн эң биринчи себеби, дүйнөлүк державаларга байланыштуу. Экинчиден, улуттук резервдердин пайда болушу жана атайын коррекция кылуучу интервенция.
Мындан сырткары, обьективдүү базардын өзүнүн долларга болгон суроо-талабынын азайышы да негиз боло алат. Негизи, жазында экспорттук төлөмдөр да жасалды. Азыркы кезде сезондук түшүү да болуп, анын үстүнө баалардын биржалык коррекциялары болуп жатат”,- деди ал.
Эксперт доллардын кунун төмөндөшү ички экспорттоочулар менен өндүрүшчүлөргө сокку урарын белгилеп, буларга токтолду.
“Анткени, өндүрүшчүлөрдүн өздүк баасы өсүп кетет. Ошону менен бирге реэкспорттоочулар менен импорттоочуларга жакшы шарт түзүп жатат. Себеби, эл аралык соода доллар менен жүргүзүлөт. Ошондуктан доллар импортоочуларга өтө маанилүү”.
Келечекте доллар дүйнөлүк рынокто сактала берет. Анын орду эл аралык Бреттон Вуд системасы менен бекитилген. Ал система толугу менен эл аралык оюнчулардын ишенимдерине таянат, ошондуктан долларга болгон ишеним күчүндө.
“Анын үстүнө, АКШнын экономикасы күчтүү. Себеби, пандемия, андан кийинки геосаясий иштердин аркасы менен АКШнын экономикасы көтөрүлүүдө. Буга ылайык дүйнөлүк каржы оюнчулары, дүйнөлүк базар катышуучулары долларды резервдик акча вальютасы катары колдонгондон баш тарта элек. Ошондуктан доллардын келечеги кенен эле көрүнүп жатат”,- деди ал.
“Ошону менен бирге регионалдык башка дагы ар кандай вальюталар, системалар менен кошо криптовалюта да өнүгүүнүн үстүндө боло берет. Анан кантип, доллар менен атаандаштык болот? Бир кезде АКШ доллары финансылык, импорт, экспорттордун аспаптарынын бири гана болуп калышы мүмкүн. Азырынча дүйнөлүк каржы рыногундагы таасири 80-90 пайызды ээлеп жатат”,- деп кошумчалады эксперт.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын Улуттук банкы жыл башынан бери валюта рыногунан долларды сатып алуу боюнча 8 ирет интервенция жасап, доллардын баасын бир калыпта кармоону улантып жатат. Эки ай мурда АКШ доллары азыркы баасынан 2, 2 сомго жогору болгон.
Даярдаган Турдайым Кожомбердиева.



















