Иран банкноталарынан төрт нөл алынып салынат, ал үчүн үч жылдык өткөөл мезгил белгиленет.
Иран маалымат каражаттары билдиришкендей, Иран парламенти улуттук валюта — риалды деноминациялоо долбоорун жактырды.
Долбоор боюнча банкноталардан 4 нөл алынып салынат. Мисалы, азыркы 10 000 риалдык банкнота 1 риалга барабар болот. Ал эми 1 риал 100 керанга тең болот.
Ирандын Борбордук банкы чет элдик валютанын курсун белгилөө жана учурдагы акча системасына жана валюта резервине ылайык чет элдик валютаны сатып алуу жана сатуу үчүн жооптуу болот.
Ирандын Борбордук банкы чет өлкөлүк валюталардын алмашуу курсун белгилөөгө, ошондой эле учурдагы акча системасына жана валюта резервдерине ылайык, валюталарды сатып алуу жана сатууга жооптуу болот.
Үч жылдык өтүү мезгили – учурдагы жана жаңы риалдын бир убакта жүгүртүлүшүн карайт. Бул аралыкта учурдагы банкноталар жана тыйындар акырындык менен жүгүртүүдөн чыгарылат.
Деноминация планы Иранда жогорку инфляция жана риалдын нарксыздануусу фонунда көп жылдан бери талкууланып келет.
Төрт нөлдү алып салуу каржылык операцияларды, эсеп жүргүзүүнү жана валютаны күнүмдүк жашоодо колдонуу процессин жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

















