Алтындын баасы өсүүнү улантууда. Шейшемби күнү спот-рыногунда анын баасы $3148,88 долларга жетип, жаңы рекордду жаңылады.
🛒 Фьючерстик келишимдер
📍 Comex биржасында апрель айындагы алтын фьючерстери $3149,5 долларга чейин көтөрүлдү.
📍 Июнь айындагы эң активдүү сатылып жаткан келишимдердин баасы $3177 долларга жетти.
📊 Негизги факторлор
✅ Борбордук банктардын алтынды активдүү сатып алуусу
✅ АКШнын протекционисттик саясаты
✅ Геосаясий жана экономикалык белгисиздик
💬 Sprott Asset Management портфельдик менеджери Райан Макинтайр:
“Белгисиздик дагы узак убакытка чейин сакталышы мүмкүн. Эртең кандай өзгөрүүлөр болорун көрөбүз.”



















