Жакында ички иштер министрлиги тарабынан кармалган айрым журналисттер менен блогерлер чет өлкөлөрдөн алган гранттык каражаттарды жеке баюу максатына айлантып, ал тургай бир нече үйлөрдү алган учурлары бар. Алар бул ишти үй-бүлөлүк бизнеске айлантып, журналист эмес эле туугандарын да жумушка ала беришкен. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 19-январда “Кабар” агенттигине берген кезектеги маегинде билдирди.
“Мындан тышкары чет элдик булактардан тийиштүү гранттык каражаттарды алган кээ бир журналисттердин жана блогерлердин жеке баюу фактылары байкалууда. Мисалга алсак, кармалгандардын арасында кызматкери бар басылманын башкы редакторлорунун бири каржы булактарын конкреттештирбестен, акыркы жылдары эле бир катар кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө ээ болгон.
Ушул сыяктуу мамлекеттик каттоо органдарынын маалыматтары менен ырасталган башка да көптөгөн фактылар бар. Ошондой эле тиешелүү билими же масс-медиада иш тажрыйбасы жок жакын туугандарын редакцияларга жумушка орноштурган учурлар бар. Кандайдыр бир үй-бүлөлүк-кландык формат келип чыгууда. Же «үй-бүлөлүк бизнес» дейли”,- деп жооп берген мамлекет башчы журналисттин суроосуна.
С. Жапаровдун пикиринде чет элдик уюмдардан грант алган журналист же блогерлер донорлордун акчасын көзөмөлсүз жумшап, ошол эле учурда кооздоп отчёт жазууга маш болуп калышкандыгын кошумчалаган.
“Тактап айтканда, алар донорлорунун каражаттарын көзөмөлсүз жеке керектөөлөрүнө сарпташууда. Ошол эле учурда аларга кооздоп отчет жазып беришет, ал тургай балким алар грант алуучулары эмне менен алектенип жатканын билишпейт. Интернет-блогерлер акча үчүн укмуш сонун отчетторду бергенди гана билишет, а чындыгында алардын материалдарына эч ким ишенбейт. Кармалгандарды бошотуу талабы менен карапайым калктын ичинен эч бир адамдын чыкпаганы айкын мисал. Эл алар бийликти далилсиз жана жөнсүз каралоо менен өздөрүнө бөлүнгөн каражаттарды кантип иштетип жатканын түшүнүп турат. Балким, дал ошон үчүн кармалгандар өздөрүнө көңүл бурдурууну чечип, мындай өлкө мыйзамдарын бузган кадамга барышкандыр”,- деп айткан президент.


















