Эртең, 16-июнда, Кыргызстан — Иран футболчулары беттешет. Эки өлкөнүн курама командасынын башкы машыктыруучулары оюн алдында маалымат жыйын өткөрүштү.
Кыргызстан Улуттук курамасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович эртең Иран менен боло турган беттешке даярдык жакшы жүрүп жатканын билдирди.
“Алимардон Шүкүров менен капитан Валерий Кичиндин катарга кошулганына абдан кубанычтабыз. Негизинен даярдыгыбыз ойдогудай жүрүп жатат жана өзүбүздүн күчүбүзгө ишенебиз, алдыдагы беттеште атаандашты жеңебиз деген үмүттөбүз”,- деп билдирди Таркович.
Улуттук кураманын капитаны Валерий Кичин беттешке даярдыктар план боюнча жүрүп жатканын билдирди.
«Командада маанай эң сонун, баары эртеңки беттешти чыдамсыздык менен күтүп жатышат. Даярдыктар план боюнча жүрүп жатат. Буга чейинки Ооганстан менен Ирандын беттешин көрүп, анализ жүргүздүк.
Иран курамасы күчтүү команда, буга эч кандай шек жок. Бирок биз өз жерибизде ойнойбуз. Мен биздин жигиттерге ишенем. Командабыз күчтүү”,- деди ал.
Ошондой эле ал эртең жакшы беттеш болоруна ишеним билдирди.
“Стадиондо жакшы атмосфера болот. Биздин ишеничибиз акталат!”,- деп билдирди команданын капитаны.
Ал эми Ирандын Улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Амир Галенои менен чабуулчусу Алиреза Яханбакш Кыргызстан менен боло турган беттешке толук даяр экендиктерин билдиришти.
Башкы машыктыруучу Галенои кыргыз элине, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, эртеңки оюн укмуштуудай кызыктуу болорунан үмүт артарын билдирди.
«Мен оюнчуларыма ишенем, алар өз ишин 100гө аткарарына көзүм жетип турат»,- деди Галенои.
Ал кандай гана оюн болбосун күйөрмандар менен беттеш көркүнө чыгарын айтып, алдыдагы оюнда күйөрмандар көп болуп, оюн кызыктуу болоруна ишеним артты.
Ирандык чабуулчу Яханбакш эртеңки беттеште жеңишке жетебиз деп турушканын айтты.
«Биз жеңишке жетебиз деп турабыз. Атаандаштарыбызга сый-урмат көрсөтөбүз. Баардыгын 100гө аткарабыз деп жатабыз», — деди ал.
Маалымат жыйынынын алдында эки өлкөнүн курамаларынын машыктыруучулары Штефан Таркович менен Амир Галенои жолугушуп, кол алышып, бири-бирине жакшы оюн жана ийгилик каалашкан.
Белгилей кетсек, Кыргызстан менен Ирандын курама командаларынын беттеши эртең, 16-июнда Бишкектеги Д. Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Мелдештин жеңүүчүлөрү 20-июнда Ташкенттеги финалда жолугат.
CAFA Nations Cup 2023 турнирини алкагында Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Ооганстан жана Иран менен туш келген. 10-июнда Кыргызстандын футболчулары ооганстандык каршылаштарын 3:0 эсеби менен жеңген.
13-июнда Иран менен Ооганстандын курама командаларынын беттеши өтүп, Иран командасы каршылаштарын 6:1 эсеби менен утуп алган.
Ооганстан командасы тайпадан чыкпай, өз оюнун жыйынтыктаган.