«Казинформ» агенттиги жазгандай, бул тууралуу Казакстандын Улуттук гидрометеорологиялык кызматы (Казгидромет) билдирди.
Маалыматка ылайык, деңиздин суу деңгээли да төмөндөп жатат. 2025-жылдын сентябрына карата, бир жыл ичинде Каспийдин деңгээли түндүк-чыгышында 20 см.ге, чыгышында 17 см.ге төмөндөгөн. Суунун деңгээлинин төмөндөшү деңиздин беттик аянтынын кыскарышына алып келүүдө.
«Россиянын Мамлекеттик океанография институтунун маалыматы боюнча, 2006–2024-жылдар аралыгында деңиздин беттик аянты 36 600 кв. км.ге – 392 300дөн 355 700 кв. км.ге чейин кыскарган», – деп белгилешти Казгидрометтен.
Ушул эле дээрлик 20 жыл ичинде Каспий деңизинин, тактап айтканда анын казакстандык бөлүгүнүн суу деңгээли 2,13 метрге түшүп, минус 29,20 метр белгилерине жеткен. Казахстандын аймагындагы жээк сызыгы айрым жерлерде 30–35 км.ге артка жылган.



















