Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы “Жунда” мунай иштетүүчү заводуна барып, анын алкагында Кытай Эл Республикасынан заводду калыбына келтирүү жана модернизациялоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Кыргызстанга келген жумушчу топтун эксперттери менен жолукту. Бул тууралуу МинКабдын маалымат кызматы билдирди.
Бакыт Төрөбаев белгилегендей, анын жакында эле Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясына болгон жумуш сапарынын алкагында “Жунда” заводун ишке киргизүүгө багытталган иштерди жандандыруу боюнча макулдашууга жетишилген.
“Биз заводдун тезирээк ишке киришине кызыкдарбыз, көйгөйлүү маселелерди чечүү үчүн кыргыз тараптан бардык чаралар көрүлөт”, – деди Бакыт Төрөбаев.
Өз кезегинде жумушчу топтун жетекчиси Чжан Лиган кытай тарап заводдун ишин жандандыруу боюнча далилдүү чараларды көрөөрүн, ошондой эле акырындык менен модернизациялоону баштаарын айтып, Кыргызстанга кесипкөй техникалык эксперттердин тобу келээрин кошумчалады.
Белгилей кетүүчү жагдай, 4-октябрда өкмөт башчы Акылбек Жапаров “Жунда” эки жылдын ичинде ишин кайра жандантарын билдирген. Ал Бакыт Төрөбаев жакында эле Кытайга барып, бул маселени чечип келгенин маалымдаган.
“Биз “Жунда” маселесине толугу менен чекит койдук. Аны эки жылдын ичинде ишке киргизебиз. Азыр 550 миллион долларлык инвестиция салынмай болду. Ал жерде жеке адам бар экен. Кытай өкмөтү анын үлүшүн дагы сатып алды. Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашуулар түзүлдү. Заводду жаңылоону аягына чыгарсак өзүбүзгө жетиштүү күйүүчү майды кайра иштетип, чыгара алабыз”,- деди Жапаров.
“Жунда” жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.