Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында алтын медаль утту.
Ал грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмак категориясында чыгып, 1/16 баскычынан баштаган.
Биринчи беттеште Шаршенбеков Литванын өкүлүн мөөнөтүнөн мурда жеңип, кийинки раундда грузиялык балбанды жеңип алды.
Финалга чыгуу үчүн таймашта өзбекстандык балбанды 10:0 эсебинде жеңди.
Ал эми жарым финалдык беттеште ирандык спортчуну 4:3 эсебинде жеңип, финалга чыкты.
Кыргызстандык балбан 23-сентябрда чечүүчү кармашта япониялык Кеничиро Фумитага каршы күрөшүп, Токиодогу Олимп оюндарынын вице-чемпионун 11:6 эсебинде жеңип, дүйнө чемпиону аталды. Спортчу алтын медалдан тышкары Париж Олимпиадасына жолдомо да алган.
Эске салсак, Шаршенбеков өткөн жылы да Сербияда алтын медалга ээ болгон.
60 кг чейин
1/16 Финал
Юстас Петравичус (Литва) — Жоламан Шаршенбеков-2:10
1/8 финал
Жоламан Шаршенбеков — Абуладзе (Грузия) — 9:0
1/4 аяктоо
Жоламан Шаршенбеков-Исломжон Бахрам ( Өзбекстан) — 10: 0
Жарым финал
Жоламан Шаршенбеков-Мехди Сейфоллах Мохсен Нежад (Иран) — 4: 3
Финал
Жоламан Шаршенбеков-Кеничиро Фумита (Япония) — 11: 6