Бүгүн, 17-декабрда Жогорку Кеңештин VIII чакырылышы өз ишин баштады. Жыйынды жаңы шайланып келген депутаттардын эң улуусу, 69 жаштагы Гүлай Машрапова алып барды. Ал парламенттин жаңы төрагасы шайланганга чейин төрагалык кылат.
Парламенттин алгачкы жыйынына президент Садыр Жапаров жана кезексиз парламенттик шайлоодо шайланган 87 депутат сессияга катышты. Алардан тышкары Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрү катышты.
Отурумда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров сөз сүйлөп, шайланып келген 87 депутатка мандатын тапшыгандан кийин алар ант беришти.
Жыйындын жүрүшүндө президент С. Жапаров шайланып келген депутаттарды куттуктады.
“Эң алды менен калың элдин элегинен өтүп, Жогорку Кеңешке шайланып, жалпы журттун кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылам деп ант берип, эл өкүлүнүн ишмердигине киришип жатышыңыздар менен куттуктаймын”,- деди ал.
Президент өз сөзүндө бул парламент жаңы мыйзам, жаңы эрежелер менен түздөн-түз эл элегинен өтүп келген өзгөчө Парламент экендигин баса белгиледи. Ал мындан тышкары, алдыда кандай кызматташууларга бара тургандыктары боюнча, ошондой эле кыргыз парламентинин тарыхына токтолду.
“Өткөн шайлоодо дагы бир катар кемчиликтер оркоюп чыгып калды. Адегенде эле элдин шайлоого катышуу санын алалы. Биз шайлоону ачык-айкын жана электрондук добуш берүү менен аралыктан шайлатуу сыяктуу шарттарды түзүп бергендигибизге карабастан шайлоого келген элдин саны аз болду. Албетте, буга чейинки шайлоолорго салыштырмалуу бул шайлоого 200 миң адамга көбүрөөк келди. Бирок биз түзүп берген шарттардан кийин элдин катышуусу активдешет жана 70 пайызга чыгат деген үмүт болжолубуз бар эле. Тилекке каршы андай болгон жок. Балким, милдеттендирүү чараларын киргизебизби же башка ыкмаларын карайбызбы, айтор элдин шайлоого жигердүү катышуусун камсыз кылуу үчүн жаңы мыйзам керекпи деген ой жаралды”,- деди мамлекет башчысы.
Президенттин айтымында, добушун саткандар шайлоого сөзсүз катышат. Ал эми калган жарандар шайлоо маданиятынын жетишсиздигиненби же кайдыгерликтен улам катышпайт.
“Урматтуу эл өкүлдөрү! Бул маселелерди жон териңиздер менен өткөргөн эл өкүлдөрү катары мыйзам долбоорун демилгелеген жагын карап көрсөңүздөр”, – деди Садыр Жапаров.
Ал өз сөзүндө дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө шайлоого катышуу жарандарына мыйзам чегинде милдеттендирилгендигин мисал катары айтып өттү.
Кошумчалай кетсек, № 13 округда өткөн шайлоонун жыйынтыгы мыйзам талаптарын сактабагандыгы үчүн жокко чыгарылгандыктан кайрадан шайлоо өткөрүлөт. Жогорку Кеңештин жалпы курамы 90 депутататтан турат. VIII чакырылышка депутат болуп шайланган 87 адамдын 49у VII чакырылыштын, 4ү VI чакырылыштын эл өкүлдөрү. Калган 34ү жаңы жүздөр.
Эскерте кетсек, 30-ноябрда өткөн кезексиз шайлоого Кыргызстан боюнча шайлоочулардын 36 %дан ашыгыраагы катышкан. Бул көрсөткүч Жогорку Кеңештин мурда өткөн шайлоолоруна салыштырмалуу аз.
Кыргызстан боюнча 2492 шайлоо участогу ачылып, аралыктан добуш берүү үчүн 27, ал эми чет өлкөдө 100 шайлоо тилкеси иштеген. Мигранттардын эң көп, активдүү шайлоого катышуусу Россияда катталган.
Шайлоого жалпы 30 округдан 589 жаран талапкер болуп көрсөтүлүп, 63 жаран арызын кайтарып алган. Алардын ичинен 56 жаранга каттоодон өтүүгө баш тартуу чечими кабыл алынып, 10 талапкердин каттоосу жокко чыгарылган. Жыйынтыгында 460 талапкердин, анын ичинде 271 эркек жана 189 аял катышкан.



















