9-октябрда Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдында түзүлгөн Аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңеши Селекцияда бычакталган аялдын окуясына байланыштуу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу парламенттин коомчулук жана ЖМК менен иштөө бөлүмү билдирди.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары Шарапаткан Мажитова, Динара Ашимова, Нилуфар Алимжанова, Эльвира Сурабалдиева, жабырлануучунун жакындары, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү гендердик теңчилик боюнча эксперттер катышты.
Зомбулукка каршы күрөштү күчөтүү керектигин айткан депутат Динара Ашимова учурда өзгөчө үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулукка шектелип камалгандарды пробация менен бошотууга жол бербей турган мыйзам долбоору иштелип чыкканын билдирди.
“Кыргызстанда 11 пайыз гана аял үй-бүлөдө өзүн коопсуз сезет экен. Бул деген абдан кейиштүү жагдай. Жалпы коомчулук жана мамлекеттик түзүмдөрдүн баары биргеликте иштеп, мындай үрөй учурган кылмыштарды болтурбашыбыз керек. Ал эми Селекциядагы окуяга жол берген прокуратура, сот жана башка тиешелүү органдардын ишин да иликтеп чыгуу зарыл”, – деди эл өкүлү.
Жыйынга катышкан жабырлануучу Аселдин туугандары сотторго нааразычылыктарын жашырышкан жок. Кулак, мурду кесилген келиндин таежеси Айнура Катаганова шектүү аны көп жылдан бери коркутуп келгенин айтты.
«Буга чейин судья жана прокурор анын өтүнүчүнө карабай, айыпталуучуну сот залынан бошотуп жиберишкен. Сиңдим ыйлап, соттон жана прокуратурадан аны коргоосун суранган. Бирок алар анын сөзүнө кулак салбай, натыйжада ушул коркунучтуу кылмыш болду. Биздин коомдо аялдарга болгон мамиле ушундай” ,– деди ал.
Соңунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган аялдарды коргоого багытталган резолюция кабыл алынды.
Белгилей кетүүчү жагдай, үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрь күнү Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 1987-жылы туулган Н.А. аттуу жаран денесине бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилгендиги жөнүндө маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Э.А. аттуу жаран кармалып, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Кийин такталгандай, кылмышка шектүү жаран жабырлануучу келиндин мурдагы күйөөсү болуп чыккан. Ал мурда да ушундай зомбулук көрсөтүп, зордуктаган учурлары болгон. Бирок милиция кармап, кылмыш ишин козгогон менен сот пробация чарасын колдонуп, эркиндикке чыгарып койгон.